Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын (ЖОЖ) командаларынын арасында «Кыргыз Республикасындагы Тоо экосистемаларын коргоо, климаттын туруктуулугу, Эл аралык тоолорду туруктуу өнүктүрүү жылына» карата дебат ѳткѳрүлдү.

4-ноябрь 2022-жылы Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде (КѲЭУ) “КРдагы Тоо экосистемаларын коргоо, экологиялык коопсуздук, айлна чөйрөнү коргоо жана климаттын ѳзгѳрүүсү” темалары боюнча дебат ѳткѳрүлдү. Бул иш-чара Орхус Борбору тарабынан “Жашыл экономикага жана айлана чөйрөнү башкарууга көмөктөшүү” долбоорунун алкагында уюштурулду.

Дебатка КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министирлигинин(ЖРЭТКМ) Ош регионалдык башкармалыгынын башкы инспектору, Ош шаардык Жаштар иштери боюнча комитетинин жана Орхус Борборунун адистери, Б. Сыдыков атындагы КѲЭУнин, Ош мамлекеттик университетинин(ОшМУ), Ош технологиялык университетинин(ОшТУ), Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин (ОМПУ) биология жана география факультеттеринин мугалимдери, студенттери болуп жалпысынан 40  ашык киши катышышты.

Дебаттын ачылышында Орхус Борборунун мүдүрү К. Исабаев, КѲЭУнин профессору, биология илимдеринин доктору Ж. Самиева, Ош шаардык Жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Ж. Жусупбеков, КР ЖРЭТКМ Ош регионалдык башкармалыгынын башкы инспектору И.Матанбаев сөз сүйлөштү.

КѲЭУнин профессору, биология илимдеринин доктору Ж. Самиева модераторлук кылып дебатты алып барды.

Студенттер тѳмѳнкү темаларда презентация, аудио жана видео материалдарды даярдашып маалыматтары менен алмашышты.

КР Тоо экосистемаларын коргоо;

Экологиялык коопсуздук;

Айлана-чөйрөнү коргоо;

Климаттын өзгөрүшү.

Дебаттын соңунда калыстар тобу тѳмѳнкүдѳй жыйынтык чыгарышты: ОшТУнун “Эко-Дем” командасы 1-орун, 2-орун ОшМУнун “Жашылдар” командасы, 3-орундарды ОшМПУ “Табият” командасы,  КѲЭУнин командсы ээледи.

Дебаттын катышуучулары Орхус Борборунун жана Жаштар иштери боюнча комитеттин Ардак грамоталарын, 5 миң сом акчалай сыйлыктарын алышты.

Ошондой эле баардык командалар энциклопедия, илимий жана адабий китептер, Орхус Борбору тарабынан атайын даярдалган футболкалар, блокноттор менен сыйланышты.

Соңунда өнөктөш уюмдардын жетекчилери бардык катышуучуларга ыраазычылык билдиришип, алардын окууларына ийгилик каалашты.

Ош шаарындагы Орхус Борборунун адиси Зайырбеков А.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *