Ош шаарындагы жогорку окуу жайлары менен кызматташуу.

20- октябрь 2020- жылы Бишкек шаарындагы Европадагы Коопсуздук жана Кызматташуу Уюмунун  «Экологиялык башкарууга жана жашыл экономикага комоктошуу» долбоорунун алкагында Ош шаарындагы Орхус борбору,Ош шаарындагы жаштар иштери боюнча комитетти менен биргеликте Ош гуманитардык- педагогикалык  институнда келечекте тигилуучу жаштар багынын алдына маалымат тактасын орноштурду.

Були иш чарага Ош гуманитардык- педагогикалык институнун ректору , педагогика илимдеринин доктору, профессор Б.Б.Зулуев, Ош шаарындагы жаштар иштери боюнча комитетинин торагасы И.Х.Берхмаматов,ОГПИнин студенттери жана Орхус борборунун кызматкерлери катышты. Маалымат тактасы орнотулгандан кийин иш –чаранын катышуучуларыОрхус Борборунун долбоору алкагында кызматташуу боюнча ой болушту.

Окуу жайдын ректору азыркы кезде ОГПИде  Жаштардын багын отургузуу боюнча уюштуруу иштери жана жер тилкесин даярдоо журуп жатканын айтты. Жаштардын багы отургузулгандан кийин бул жерде студенттер ишембилик,экологиялык акцияларды жана илимий иштерди жургузушун белгилеп отту.

Ошондой эле ректор Орхус борборуна,Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитеттине Жаштардын багын  уюштуруудагы жасаган иштерине ыраазычылык билдирди.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *