Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтарынын район аралык сотторунун соттору үчүн өткөрүлгөн тренинг

img_2554

2016-жылдын 4-ноябрында Ош шаарында  Кыргызстандын Орхус Борборлорунун жана Бишкек шаарындагы ЕККУ Борборунун  колдоосу астында КР Жогорку Сотунун алдындагы сот укугу Жогорку окуу жайында Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтарынын район аралык сотторунун юрист-консультанттары жана соттору үчүн  «КР курчап турган чөйрөнү коргоо жана экология жаатында улуттук мыйзамдуулукту жана Орхус Конвенциясынын жоболорун  колдонуу» темасында тренинг уюштурулуп өткөрүлдү.

Аталган тренинг юриспруденция жаатында иштеген кызматкерлер үчүн 3 этаптагы  курс  алкагында өткөрүлдү жана сот иштерин кароодо, экологиялык мыйзамдуулуктун негиздерин окутуу жана колдонуу боюнча маанилүү орунду ээледи.

Аталган тренингдин негизги максаты, тренингдин катышуучуларына өз тажрыйбаларында Кыргызстан ратифицикация кылган Орхус Конвенциясынын принциптерине ылайык, республиканын аймагында Кыргызстан ратифицикация кылган жана милдеттенме алган курчап турган чөйрөнү коргоо жаатында республиканын ченемдик укуктук актыларын кандайча колдонуу жөнүндө түшүндүрүү болуп саналат.

img_2606

Тренингдин жүрүшүндө төмөндөгү маселелер каралды жана талкууланды:

  1. КР курчап турган чөйрөнү коргоо жана экология жаатында республиканын ченемдик укуктук актылары жана Орхус Конвенциясынын обзору;
  2. Экологиялык маалыматтуулукка жетүү укугу жана курчап турган чөйрөгө таасир этүүчү чечимдерди кабыл алууга укуктуулук;
  3. Сот адилеттүүлүгүнө жетүү укугу;
  4. Курчап турган чөйрөнү коргоо жана экология жаатында ыйгарым укуктуу органдардын компетенциясы;
  5. Сот тарабынан курчап турган чөйрөнү коргоо жана экология жаатында улуттук мыйзамдуулукту жана Орхус Конвенциясынын жоболорун колдонуу .

Тренингди өткөрүү үчүн КР Жогорку Сотунун алдындагы сот укугу Жогорку окуу жайында  модуль иштеп чыгарылган жана КР Жогорку Сотунун алдындагы сот укугу Жогорку окуу жайы тарабынан сертификацияланган. Ал эми тренинг квалифициялуу , тренердик тажрыйбасы мол адистер тарабынан өткөрүлдү. Алар КР Жогорку Сотунун  судьясы  Арстанбаева Д.Э. жана  «LBD консалтинг» компаниясынын укуктук эксперти Балтабаева В.болушту.

Тренингдин аягында катышуучуларга  сертификаттар тапшырылды.

img_2635

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *