Озон Борбору Ош шаарында семинар өткөрдү


2018-жылдын 21-декабрында Ош шаарында Озон Борбору тарабынан Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы аймактык башкармалыктарынын өкүлдөрү үчүн Эл аралык курчап турган чөйрөнү коргоо конвенцияларынын алкагындагы мамлекеттик экологиялык контролду жүргүзүү боюнча семинар өткөрүлдү.

Семинарда төмөндөгү маселелер каралды:

  • Коркунучтуу калдыктарды чек аралардан ташып өткөрүүнү жана жок кылууну контролдоо боюнча Базель конвенциясы. Модератор – Н. Абдыласова.
  • Эл аралык соода сатыктагы кээ бир коркунучтуу химиялык заттарга жана пестициддерге карата алдын ала жүйөлүү макулдашуулар жөнүндөгү Роттердам конвенциясы. Модератор – Ж. Кадоева.
  • Стокгольм конвенциясынын аткарылышы. Кыргыз Республикасындагы туруктуу органикалык булгануулар. Модератор – А. Халмурзаев.
  • Жок болуп кетүү коркунучунда турган жапайы өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөлөрүнүн түрлөрү менен Эл аралык соода жүргүзүү боюнча Конвенциясы (CITES). Модератор – А. Кожокулов.
  • Орхус конвенциясы жана Кыргыз Республикасындагы калдыктарды башкарууну контролдоо. Модератор – К. Исабаев.
  • Озон катмарын бузуучу заттар боюнча Монреаль протоколу. Модератор – К. Муханова.
  • Кыргыз Республикасындагы озон катмарын бузуучу заттарды пайдаланууну токтотуу боюнча Мамлекеттик программа. Модератор – М. Аманалиев.
  • Озон катмарын коргоо жаатындагы жана озон катмарын бузуучу заттарды өлкөгө киргизүүнү жана өлкөдөн чыгарууну лицензиялоо системасы боюнча улуттук мыйзам актылары.

Модератор – М. Аманалиев.

  • Озон катмарын бузуучу заттарды аныктоо жана курамында озон катмарын бузуучу заттар кезддешүүчү жабдуулар жана өндүрүлгөн буюмдар. Кыргыз Республикасындагы озон катмарын бузуучу заттардын айлануусун мамлекеттик каттоо. Модератор – Ж. Жумалиев.
  • EN 378 мамлекеттер стандарты. Муздатуу жана жылытуу системаларынын насостору. Коопсуздук талаптары жана курчап турган чөйрөнү коргоо. Модератор – Ж. Жумалиев.
  • Озон катмарын бузуучу заттардын түрлөрүн аныктоо боюнча практикалык сабактар.

Модератор – Ж. Жумалиев.

Семинар учурунда Экологиялык  жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Ош шаары, Кара-Суу району, Араван жана Ноокат  райондор аралык, Сүлүктү, Баткен шаарлары, Баткен жана Лейлек райондору боюнча , Майлуу-Суу шаары, Ноокен жана Базар-Коргон райондору боюнча, Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарлары, Шамалды-Сай шаар тибиндеги поселогу жана Токтогул району боюнча, Айдаркен, Кызыл-Кия шаарлары жана Кадамжай району боюнча жана Алай жана Чон-Алай райондору боюнча аймактык башкармалыктарынын өкүлдөрүнө 2017-жылы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун  Бишкектеги Программалык кеңсесинин каржылык жардамы менен басылып чыгарылган үч томдон турган Курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары таркатылды. Семинардын аягында катышуучулар модераторлордон өздөрүн кызыктырган суроолорго жоопторду алышты.

Орхус борборунун Коомчулук менен иш алып баруучу адиси,
Т. Жумабеков

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *