Полиэтилен таштандыларга карата күрөш

БУУнун маалыматына караганда, мүнөт сайын дүйнө жүзүндө 10 миллион пластик пакет колдонулат. Айрым статистикалык маалыматтарга ылайык, дүйнө жүзүндө мүнөт сайын бир миллионго чукул пластик бөтөлкө сатылат. Анын 7% гана кайра иштетилет.

Желим буюмдар жүздөгөн жылдар бою жок болбойт. Мисалы, пенопласттан жасалган стакан 50 жылда, ал эми балдардын памперси жана желим бөтөлкөлөр 450 жылда араң чирийт. Кыргызстанда күн сайын же жылына канча пластик идиш колдонулат? Азырынча аны эсептеген эч ким жок. «Тазалык» муниципалдык ишканасы Бишкекте күн сайын 500 тоннанын тегерегинде таштанды чыгарат. Активисттердин эсебинде, чыгарылган таштандынын 40 пайызын полиэтиленден жасалган буюмдар түзөт.

Желим баштыктардын азабы оор боло турганына кейиген Бишкек шаарынын тургуну Батма Абдразакова маселенин мамлекеттик деңгээлде эле чечилишин күтпөй эле өзү аракет кыла баштаган. Ал мындай экопакеттерди тигип, сатыкка чыгарууну каалайт. Демилгесин анын үй-үлөсү дагы колдойт. Элди желим пакеттерден баш тартып экопакеттерге өтүүгө чакырууда. Ошентип Кыргызстандын жаратылышын коргоп, адам ден соолугуна кам көрүү керек дейт.

“Мен бул ойду 10 жылдай бышырдым окшойт. Желим пакеттерди көтөргөн сайын сарсанаа болчумун. Анткени жаратылышыбызга зыян келтирип жатат. Анан алар миңдеген жылдар бою чирибей турганын укканда, анан айлана-тегерегибизди желим таштандылар күн санап курчоого алып, көбөйүп жатканын көргөндө биринчи өзүмдөн баштайын деп чечтим. Азырынча желим баштыктарды, желим бөтөлкөлөрдү толук бойдон колдонуудан чыгарып таштай элекмин. Аракетти баштадым. Бирок биринчи кадамым минтип кездемеден эле баштыктарды тигип жатам. Бул баштыктарды көп жолу колдонгонго болот, анан таштандыгы ыргытса  зыяндуулугу деле жок.”

Кыргыз парламенти полиэтилен баштыктарга тиешелүү атайын мыйзам иштеп чыкты. Демилгечи депутаттардын бири Экмат Байбакпаев желим баштыктарын колдонууга тыюу салган мыйзам долбоору кабыл алынса, мыйзам бузгандарга айып пул салына турганын жергиликтүү маалымат агенттиктерине билдирген. Анын айтымында, мыйзам долбоору алгач Ысык-Көл облусунда ишке кирет. Ага ылайык, полиэтилен баштыгын же бөтөлкөсүн ыргыткан жеке жактарга 5500 сом, юридикалык жактарга 17 000 сом айып пул салынат. Ал эми аларды өрттөгөн учурда жеке адамдарга 7500, юридикалык тараптарга 23 000 сом айып каралууда. Азырынча мыйзам долбоор коомдук угууда.

Ал эми дүйнө жүзү болсо желим таштандылардын маселесин ири жыйындарда талкуулап жатат. Мисалы G20 уюмуна кирген өлкөлөр океандар булгана баштаганына байланыштуу желим таштандылардын санын азайтуу максатында быйыл июнь айында, Япониянын Каруидзава шаарында өткөн жыйында эл аралык орган түзүү боюнча  чечим кабыл алышкан. Мындан ары уюмга кирген ар бир мамлекет желим ташдандылар менен күрөшүү боюнча иш-чараларды аткарып, жыйынтыгы тууралуу жаңы органга отчёт берип турушу керек болот. Ошентип дүйнөдө желим таштандыларга күрөш башталды.

Учурда Кыргызстанда 16,5 миллион тонна акыр-чикир жатканы маалым болсо, анын 26 пайызын желим идиш-аяктары, баштыктар түзөт. Маалыматты Мамлекеттик айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбачылыгы агенттиги тастыктайт. Целлофандан жасалган баштыктар, бөтөлкөлөр кылымдар бою чирибей, жер кыртышын бузуп, абага уу бөлүп чыгарып жата берет. Таштанды маселеси, өзгөчө, туристтик зона болгон Ысык-Көл облусунда курч. Адистер негизи Кыргызстанда полимердик буюм-тайымдарды жасоого, сатууга жана сатып келүүгө, колдонууга тыюу салышыбыз керек дешет.

 

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *