Радиоактивдүү калдыктарды сактоочу жайларга жакын жашаган тургундардын «Радиациялык коопсуздук» боюнча маалыматтуулугун жогорулатуу максатында окутуу иш-чаралары Шекафтар, Миң-Куш айылдарында жана Майлуу-Суу шаарында ѳткѳрүлдү.

2021-жылдын 27-сентябрынан 1-октябрына чейин Европадагы Коосуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеңсесинин каржылык колдоосу менен, КРнын Өзгѳчѳ кырдаалдар министирлигинин (ѲКМ) алдындагы Жарандык коргонуунун адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун окутуучулары жана Орхус Борборунун адистеринин катышуусунда Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында жана Чаткал районун Шекафтар айылында, Нарын облусунун Жумгал районун Миң-Куш айылында «Уран калдыктары жайгашкан жерлерди калыбна келтирүү иштеринин жүрүшүндѳгү жетишкендиктер», «Радиациялык коопсуздук» боюнча окутуу, жергиликтүү бийликтеринин адистерине, айылдык кеңештеринин депутаттарына жана активисттерге ѳткѳрүлдү.

Ошондой эле жогоруда аталган аймактардагы 12 орто мектептин Жашыл Патрулдар командаларынын жетекчилерине, биология, химия, физика сабактарынын мугалимдерине «Радиациялык коопсуздук», «Орто жана атайын жалпы билим берүүчү мектептердин физика, биология, химия сабактарынын мугалимдери үчүн радиациялык коопсуздук боюнча класстан тышкаркы иш -чараларды өткөрүүдө колдонулуучу колдонмо» боюнча окутуу ѳткѳрүлдү.

Бул иш-чарага жалпысынан 88 киши катышты.

Иш-чараны Орхус Борборунун мүдүрү К. Исабаев ачып тѳмѳнкү эксперттерге сѳз берди:

КР ѲКМнин алдындагы Жарандык коргонуунун адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун окутуучулар курамы тарабынан «Уран калдыктары жайгашкан жерлерди калыбына келтирүү иштеринин жүрүшүндѳгү жетишкендиктер» жана «Калктын радиациялык коопсуздугун камсыз кылуу» багытындагы темалары боюнча кеңири маалымат беришти.

ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин Улуттук эксперти Р. Бейшенкулова «Радиациялык нурлануунун каллка тийгизген таасири жана кесепеттери», «Орто жана атайын жалпы билим берүүчү мектептеринин физика, биология, химия мугалимдери үчүн радиациялык коопсуздук боюнча, класстан тышкаркы иш-чараларды өткөрүүдө колдонулуучу колдонмо» боюнча даярдалган презентациялык материалдар менен катышуучуларга кеңири маалыматтарды берди. Колдонмо боюнча талкуу жүрүп, мугалимдер ѳз сунуштарын беришти.
Окутуунун соңунда катышуучулар тарабынан суроолор берилип, эксперттер тарабынан толук жооптор берилди. Ошондой эле эксперттер ушул окуунун алкагында берилген маалыматтар менен жергиликтүү тургундарга да жайылтууну суранып кетишти.

Орхус Борборунун адиси Атабек Матисаев.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *