Региондордун туруктуу өнүгүүсүн коомдук талкулоо

2015-жылдын 18-21- августунда Ош шаарындагы Маалыматтык Орхус Борбору тарабынан, Бишкек шаарындагы ЕККУнун колдоосу алдында, Ош шаарындагы Маалыматтык Орхус Борбору тарабынан Жалал-Абад жана Баткен областтарында региондордун туруктуу өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтор менен кеңешмелер уюштурулду жана коомдук талкулоолор уюштурулду.

obshhestvennye-obsuzhdeniya-strategii-ustojchivogo-razvitiya-regionov4

Жалал-Абад жана Баткен областтарында туруктуу өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгууну координациялоо боюнча иш сапары алкагында Бишкек шаарындагы ЕККУнун эксперти Мадеюев А., ага программалык ассистент Джумакадыров Э., Ош шаарындагы Маалыматтык Орхус Борборунун директору Исабаев К. жумушчу топтор менен жолугушууларды жана кеңешмелерди өткөрүштү.

18 жана 19- августта Мадеюев А. Джалал-Абад областынын активдери менен региондордун туруктуу өнүктүрүү стратегиясы боюнча жолугушуу өткөрүштү. Жолугушуунун алкагында жумушчу топ менен жыйын өткөрүлдү, жыйында жумушчу топтун курамы жана компетенттүүлүгү каралды, региондордун туруктуу өнүктүрүү стратегиясын презентациялашты жана областтын негизги көйгөйлөрүнө багытталган чараларды талкуулашты. Ошондой эле, брэйншторминг режиминде талкуулоо болуп өттү, областтын негизги көйгөйлөрү аныкталды, анын ичинде, айыл чарба продукциялары, кадрларды даярдоо талкууланды.

obshhestvennye-obsuzhdeniya-strategii-ustojchivogo-razvitiya-regionov4

 

Кадр даярдоодо алардын учурда жергиликтүү эмгек рыногунда зарылдыгы жана келечекте айыл чарба продуктыларына, мөмө, жемиш жана жаңгак чогултууда экологиялык аң сезимдүү мамиле кылууга үйрөтүү жана мөмө, жемиш жана жаңгак чогултуучулардын өзүнө жана ошондой эле, продукцияны кабыл алган ишканалар тарабынан экологияга жана бюджетке зыян келтирбегендей болуусу такталды.
Иш чаранын жыйынтыгы боюнча катышуучулар тарабынан экологияны сактоо жана дүйнөлүк рынокто айыл чарба продуктыларын сатуу маселелерине көңүлдү буруу ошону менен бирге, областтын экологиялык таза продуктусу боюнча брендди аныктоо, аба, суу жана таза мейкиндик аркылуу ден соолукту чыңдоо эң маанилүү экендиги белгиленди. 20-21- августта Баткендеги коомчулук жана жергиликтүү калктын жарандык жамааттар менен региондордун туруктуу өнүктүрүү стратегиясы презентацияланды жана негизги көйгөйлөр боюнча маселелер талкууланды.
obshhestvennye-obsuzhdeniya-strategii-ustojchivogo-razvitiya-regionov4

obshhestvennye-obsuzhdeniya-strategii-ustojchivogo-razvitiya-regionov4

Ошондой эле, жумушчу топтордун кеңешмелери өткөрүлдү, анда: Баткен областындагы Айгүл-Таштын ээлеген маанисин эске алуу менен, текстиль жана сувенирдик өндүрүштү, туристтик тармакты жана үй- бүлөлүк баалулуктарды бекемдөө боюнча программаны түзүү жана Баткен областынын брендин алуу мүмкүндүгүн талкуулашты. Жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча катышуучулар тарабынан гендердик жана экологиялык компоненттер менен жүргүзүлүп жаткан стратегияны толук аткаруу чечилди. Аталган иш чараларга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, бизнес коомдору, өкмөттүк эмес уюмдар, жарандык секторлор жана ММК катышышты.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *