Сары-Челек мамлекеттик биосфералык коругун коргоо, кызматташууну жакшыртуу максатында тегерек стол ѳткѳрүлдү

2021-жылдын 22- июнунда  Аксы районун Сары-Челек мамлекеттик биосфералык коругунун жыйындар залында, коруктун адистери  жана жергиликтүү активисттер менен Сары-Челек мамлекеттик биосфералык коругун коргоо, кызматташууну жакшыртуу максатында тегерек стол ѳткѳрүлдү.

Тегерек стол Орхус Борбору тарабынан “Жашыл экономикага жана айлана чөйрөнү башкарууга көмөктөшүү” долбоорунун алкагында ѳткѳрүлдү. Бул иш-ишчарага коруктун кызматкерлери, «Эко Тартип» коомдук фондунун мүчѳлѳрү, №30 Аркыт орто мектебинин мугалимдери жана Аркыт, Авлетим айылдарынын активисттери болуп жалпысынан 18 киши катышты.

Иш-чараны Орхус Борборунун мүдүрү К. Исабаев, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин ѳкүлү М. Осмонов, коруктун ѳкүлү Н. Мозенов, Аркыт айылынын башчысы Орманалиевтер ачышты.

Орхус Борборунун мүдүрү К. Исабаев жана адиси А. Матисаев Сары-Челек мамлекеттик биосфералык коругунун адистери менен кызматташууну жакшыртуу, Орхус Борбору Ынтымак телеканалы менен биргеликте даярдалган видео материал, ѳзгѳчѳ корголуучу жаратылыш аймактары жана айлана чѳйрѳнү коргоо боюнча КР мыйзамдарын катышуучулар менен бирге талкуу жүргүзүштү.

Сары-Челек мамлекеттик коругунун токойлорду коргоо, сактоо боюнча адиси Р. Шабданов Сары-Челек мамлекеттик биосфералык коругунун ишмердүүлүгү боюнча маалымат берди. 2020-жылы жаратылышты коргоо мыйзамдарыны бузган жарандарга 198 миң сомдук доо, 56 миң 500 сомдук административдик айып пул салынып, 202 миң 300 сом ѳндүрүп алынгандыгын билдирди.

Иш-чаранын катышуучулары келген туристтерге  жана жергиликтүү тургундарга ар кандай түшүндүрүү иштерин жүргүзүшѳѳрүн билдиришип, М. Осмоновдон ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси тарабынан түшүндүрүү маалымат баракчаларын чыгарууга кѳмѳк кѳрсѳтүүнү суранышты.

КР курчап турган чѳйрѳнү коргоо багытындагы мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнѳ тиешелүү укутук-ченемдик актылардын жыйнагы(Бишкек шаары 2020-ж.), ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси тарбынан чыгарылган КР Кызыл Китебине киргизилген  ѳсүмдүктѳрдүн, канатуулардын жана жаныбарладын үч түрдүү плакаттары, ѳзгѳчѳ корголуучу жаратылыш аймактары жана айлана чѳйрѳнү коргоо боюнча КР мыйзамдары боюнча маалымат баракчалар катышуучуларга таратылды.

Тегерек столдун соңунда Орхус Борборунун мүдүрү К. Исабаев катышуучуларга ыраазычылык билдирип, мындан арыда Сары-Челек мамлекеттик биосфералык коругун сактап калууда кызматташууну жакшыртуу максатында аркандай иш-чараларды ѳткѳрүүгѳ даяр экенин билдирди.

Ошондой эле Орхус Борбору, коруктун адистери менен Сары-Челек мамлекеттик биосфералык коругунда байкоо жүргүзүзүшүп, кѳлдүн абалы жана туристтерге түзүлгѳн шарттар менен таанышышты.

Орхус Борборунун адиси Матисаев А.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *