Шекафтар айылында мектептер арасындагы“Жашыл патруль” командаларынын Радиациялык жана экологиялык коопсуздук боюнча болуп өткөн сынактын жыйынтыгы чыгарылды.

24-июнь 2021-жылы Шекафтар айылында Ош шаарынан келген Орхус борборунун директору Исабаев К., ѲКМ өкүлү Кыдыров К., Сумсар айылдык кеңешинин төрагасы Эргешов К., В.И.Ленин мектебинин директору Нурумбетов А., Ю.А.Гагарин мектебинин директору Козубаев Ы., эки мектептин “Жашыл патруль” командасынын жетекчилери жана окуучулары менен Ю.А.Гагарин мектебинде жолугушуу болду. 2021-жылы май айында  мектептердин “Жашыл патруль” командаларынын арасында болуп өткөн конкурстун жыйынтыгы боюнча ЕККУ жана Орхус борбору тарабынан берилген белектерди борбордун директору Исабаев К. тапшырылды.

1-орун учун Ю.А.Гагарин мектебине

  1. Тустуу принтер
  2. Сумсар айыл ѳкмѳтүнүн грамотасы жана 3500 сом
  3. USB флешка , кулакка тагылуучу угуу шаймандары
  4. 2  спорттук топ

2- орун учун В.И.Ленин мектебине

  1. 3 коробка ондоо иштери учун атайын боектор
  2. Сумсар айыл окмотунун грамотасы жана 3000 сом
  3. USB флешка,кулакка тагылуучу угуу шаймандары
  4. 1 спорттук топ

Аземдин аягында коноктор Жашыль патруль командаларынын мүчөлөрүнө, жетекчилерине ийгиликтерди каалап, мындан ары да тыгыз байланышта болуп, кызматташаарын белгилешти.

Орхус борборунун директору Исабаев К., ѲКМ өкүлү Кыдыров К., Сумсар айылдык кеңешинин төрагасы Эргешов К., КЭМБ жетекчиси Ботобеков Б. менен бирдикте Шекафтар айылындагы Тулпар-Булак көчөсүндөгү № 1 уран калдыктары жайгашкан жердеги ташылып жаткан уран калдыктарына мониторинг жүргүзүлдү. Сумсар айылдык кеңешинин төрагасы Эргешов К., ѲКМ өкүлү Кыдыров К. Тулпар-Булак көчөсүндөгү № 5 уран калдыктары жайгашкан жерден чыгып жаткан суу боюнча Тулпар-Булак көчөсүнүн жашоочулары арызын талкуулашты. Ошондой эле Горький көчөсүнүн тургундары жолго шагал төгүп берүүсүн суранышкан. ѲКМ өкүлү Кыдыров К. шахтыдан чыккан сууну долбоордун негизинде башка жакка буруп беришерин айтты. Шахтыдан чыккан суу менен бак-дарактарды сугарса болот бирок аны жашоочулар ичүүгө жана тамак-ашка пайдаланууга болбой тургандыгы жөнүндө түшүнүк берип өттү. Горький көчөсүнө шагал төгүп берүү учүн ОсОО ЛОИ компаниясына айыл өкмөтү тарабынан сураныч менен кайрылуусу керек экендиги айтып өттү. Жолугушунун катышуучулары  рекультивация иштери боюнча дайыма маалымат алмашып туруунунун зарылчылыгын белгилешти.

Ош шаарындагы Орхус Борбору

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *