Соттор үчүн тренинг

2017-жылдын 17-ноябрында Баткен областынын Баткен шаарында ОБСЕнин Бишкектеги Программалык офисинин колдоосу менен Баткен областынын соттору үчүн “Орхус Конвенциясынын жоболорун колдонуу жана Кыргыз Республикасынын улуттук экологиялык мыйзамдуулугу” деген темада тренинг болуп өттү. Тренингде Баткен областынын шаарларынын жана райондорунун соттору жана алардын жардамчылары катышышты.

Ош шаарындагы Орхус борборунун директору К. Исабаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун соту Д. Арстанбаева жана ОБСЕнин Бишкектеги Программалык офисинин Кеңешчиси Д. Прудцкихтер тренингди ачышты.

“Укукту жана ишкерликти өнүктүрүү фонду” Коомдук фондунун серепчиси, адвокат В. Болтобаева, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун соту Д. Арстанбаева жана Ош шаарындагы Орхус борборунун директору К. Исабаевтер тренингди уюштурушту жана өткөрүштү.

Тренингдин максаты катышуучуларды соттук иштерди кароодо Орхус Конвенциясынын принциптерин пайдаланууну жана айлана-чөйрөгө байланыштуу ченемдик-укуктук актылар менен тааныштыруу болду.

Баткен областынын  Кызыл-Кыя, Сүлүктү шаарларынын, Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунун соттору жана алардын жардамчылары тренинг учурунда керектүү билим алышып, аларды кызыктырган суроолорго жооп алышты.

Тренингдин аягында катышуучуларга Орхус Конвенциясы боюнча таркатма материалдар таркатылып, сертификаттар тапшырылды.

Бул тренинг ОБСЕнин колдоосу менен ишке ашып жаткан “Жашыл экономика, табигый кырсыктарды азайтуу жана Орхус Конвенциясын ишке ашыруу аркылуу Кыргызстанда экологиялык коопсуздукту бекемдөө” долбоорунун алкагында Ош шаарындагы Орхус Маалымат Борбору тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу сот адилеттигинин Жогорку мектеби менен биргеликте өткөрүлдү.

Т. Жумабеков,

Ош шаарындагы Орхус маалымат борборунун коомчулук менен иштөө адиси.

 

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *