Студенттердин илимий-практикалык конференциясы

2019-жылдын 12-октябрында Ош Гуманитардык Педагогикалык Институтунун жыйындар залында Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын экология жана курчап турган чөйрөнү коргоо жаатында билим алып жаткан студенттердин арасында “Курчап турган чөйрөнү коргоо, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, экологиялык жана радиациялык коопсуздукту камсыздоо жана Орхус конвенциясын ишке ашыруу” темасында илимий конференция болуп өттү.

 

Иш чара Ош шаарындагы Орхус борбору тарабынан уюштурулуп, Жаштар иштери боюнча комитети жана КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Ош шаары боюнча Регионалдык башкармалыгы менен биргеликте Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсесинин “Экологиялык коопсуздук жана жаратылыш ресурстарын бакаруу” долбоорунун алкагында өткөрүлдү.

Ага жалпысынан 73 адам катышты: Жаштар комитетинин, Экотехинспекциянын кызматкерлери, ОГПИнин Ректору, Проректору, Ош шаарындагы ЖОЖдордун декандары, лаборанттары, студенттери, “Ынтымак” ТРКсынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышышты.

Конференция ачылышында Орхус борборунун директору К. И. Исабаев, ОГПИнин ректору, педагогикалык илимдердин доктору, профессор Б. Б. Зулуев жана Жаштар комитетинин башкы Зарипбек уулу Санатбек сөз сүйлөштү.

Конференция тематикасы экологиялык коопсуздукту камсыздоо жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча бир катар багыттарды өзүнө камтып, төмөндөгү маселелер каралды:

  • Ош шаарындагы экологиялык абал;
  • Түштүк Кыргызстандагы суу ресурстарын коргоо жана аларды чечүү жолдору;
  • Кыргызстандагы экологиялык коопсуздукту камсыздоо жаатындагы мыйзамдык жана укуктук-ченемдик базаларды өркүндөтүү;
  • Кыргызстандагы өндүрүш калдыктарын утилдештирүү көйгөйлөрү;
  • экологиялык билим берүүнүн көйгөйлөрү жана келечеги;
  • өлкөдөгү экологиялык жана радиациялык коопсуздук;

 

  • Кыргызстандын жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн бүгүнкү абалы;
  • өлкөнүн атмосфералык абасынын көйгөйлөрү;
  • Кыргызстандагы жер ресурстарынын бузулушу, факторлорду анализдөө жана көйгөйлөрдү чечүү жолдору.

Пленардык жана секциялык отурумда бардыгы болуп 29 илимий баяндама угулду.

Жыйынтыгында жеңүүчүлөр жана активдүү катышуучулар сертификаттар, дипломдор жана приздер менен сыйланышты. Студенттерди конференцияга даярдагандыктары үчүн ЖОЖдордун окутуучулары жана лаборанттары дипломдор, приздер менен сыйланышты.

Иш чараны өткөрүүнүн максаты:

  • студенттердин интеллектуалдык деңгээлин жогорулатуу;
  • жаштарды курчап турган чөйрөнү коргоого чакыруу;
  • алардын чечендик өнөрүн өркүндөтүү;
  • ЖОЖдордун студенттери арасындагы кызматташуу.

Аягында конференциянын резолюциясы кабыл алынды.

Бардык катышуучуларга иштеринде, окууларында ийгилик каалашып, өнөктөш уюмдардын жетекчилери иш чараны жыйынтыкташты.

Конференциянын жүрүшү 2019-жылдын 14-октябрында “Ынтымак” телерадиокомпаниясынын 19:00дөгү берүүсүндө эфирге чыгат.

 

 

Коомчулук менен иш алып баруучу адис,

Тургунбек Жумабеков

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *