Суу сактагычтардын эл аралык күнүнө карата дагы бир иш-чара Ысык-Көлдүн жээгинде өттү.

24-сентябрь 2022-жылы Ысык-Көлдөгү Орхус борбору, 2022-жылга бекитилген иш-чаралардын алкагында, «Таза Ысык-Көл» коомдук фонду менен биргеликте, Чолпон-Ата шаарынын пляжында ишембилик өткөрүштү. Ишембиликке Чолпон-Ата шаардык мэриясынын эмгек жамааты, ЕККУнун Бишкектеги программалык кенсесинин кызматкерлери, «Таза Ысык-Көл» коомдук фондунун дайверлери  катышты. ЕККУнун Бишкектеги программалык кенсесинин каржылык колдоосунда катышуучуларга кол каптар,  таштанды салуучу баштыктар таратылып берилди. Мекеме-ишканалардын эмгек жамааттары өздөрүнө бөлүнүп берилген аймактарды тазалашып,  «Таза Ысык-Көл» коомдук фондунун дайверлери,  суунун астынан 20 мешок ар кандай таштандыларды алып чыгышты.

Бул акция “Таза Ысык-Көл” коомдук фондунун демилгеси менен бир жылдан ашык убакыттан бери өткөрүлүп келе жатат жана бул аралыкта коомчулукту жаратылыш ресурстарына аяр мамиле жасоого тартуунун зарыл чараларынын бири экени далилденди.

Даярдаган С.Турсунакунов – Ысык-Көл Орхус Борборунун менеджери

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *