Сынактын жыйынтыгы “Экология – балдардын көзү менен”

2018-жылдын 17-октябрында Чолпон-Ата шаарындагы И.Абдуразаков атындагы мектеп-гимназиясынын жыйындар залында  ЕККУнун Бишкектеги программалык кенсесинин каржылык колдоосунда, Ысык-Көлдөгү Орхус борбору Ысык-Көл райондук элге билим берүү бөлүмү менен биргеликте уюштурган «Экология-балдардын көзү менен» аттуу 1-айлык конкурстун жыйынтыгы чыгарылды.  Аталган конкурс Ысык-Көл районундагы орто мектептердин окуучуларынын ортосунда жүргүзүлүп,  женүүчүлөр  төмөнкү номинациялар боюнча аныкталды.

а)  Эң жакшы сүрөт (1-класстан 3-класска чейинки окуучулар арасында «Ысык-Көлдүн экологиясы кичинекей балдардын көзү» менен деген темада сүрөттөрдү тартуу.)

б) Эң жакшы буюмдар (4-класстан 6-класска чейинки окуучулар арасында таштандылардан ар кандай буюмдарды жасоо.)

в) Эң жакшы дил баян (7-класстан 11-класска чейинки окуучулар арасында Ысык-Көл көлүнүн тазалыгын сактоо, жаратылышка аяр мамиле кылуунун жолдору жөнүндө дил баяндарды жазуу.)

Конкурска Ысык-Көл районунда жайгашкан баардык мектептердин окуучулары активдүү катышышты. Жыйынтыгында конкурстук комиссия тапшырылган конкурстук иштерди карап чыгып, 3 номинация боюнча женүүчүлөрдү аныктады.

«Эн жакшы сүрөт» номинациясында:

1-орун. Ш.Эсеналиев атындагы орто мектебинин1-классынын окуучусу Джумадылов Измир.

2-орун. Кара-Ой орто мектебинин 1-классынын окуучусу Джакыпбекова Жамила.

3-орун. Э.Керимгазиев атындагы орто мектебинин 3-классынын окуучусу Айтбаева Айбийке.

«Эн жакшы буюмдар» номинациясында:

1-орун Ж.Шабиров атындагы орто мектебинин 6- классынын окуучусу КалкеновКутдар.

2-орун А.С.Пушкин атындагы орто мектебининин 5 -классынын окуучусуХолковский Родион.

3-орун Бает орто мектебинин 4-классынын окуучусу Абазганов Азат.

«Эн жакшы дил баян» номинациясында:

1-орун Ч.Иманкулов атындагы орто мектебинин 10-классынын окучуусу Жумабекова Камила.

2-орун. К.Маматов атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу Абдыкадырова Асел.

3-орун. А.Тумонбаев атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Женишбекова Акылай.

Конкурстун женүүчүлөрүнө баалуу белектер жана дипломдор тапшырылды. Мындан сырткары конкурска активдүү катышкан окуучулар  Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун атынан алкыш баракчалары менен сыйланышты.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *