Түп районунда Ысык-Көл Орхус Борбору тегерек столду өткөстү

12-апрель 2023-жылы Түп районунун Күрмөнтү айылынын маданият үйүндө, Ысык-Көлдөгү Орхус борбору уюштурган «Орхус конвенциясынын принциптерин ишке ашыруудагы коомчулуктун ролу. Аймактардагы экологиялык көйгөйлөрдүн алдын алуу, социалдык стабилдүүлүктүн негизги фактору» –деген аталыштагы тегерек стол өткөрүлдү. Тегерек столго Күрмөнтү айылынын башчысы А.Сыдыков, КР ЖРЭТК министрлигинин алдындагы Ысык-Көл-Нарын аймактык  башкармалыгынын улук инспектору Э.Шаабаев, Түп райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери, милициянын ага лейтенанты К.Өскөнбаев жана Күрмөнтү айылынын жашоочулары жалпы 20 адам катышты. Тегерек столду Күрмөнтү айылынын башчысы А.Сыдыков ачып, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, катышуучуларды активдүү болууга чакырды. Андан кийин сөз алган Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун менеджери С.Турсунакунов катышуучуларга Орхус конвенциясы, принциптери, Кыргызстандагы Орхус борборлору, Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун 2021-2022-жылдардагы ишмердүүлүгү тууралуу кенен маалыматтарды берип, катышуучулардын суроолоруна жоопторду берди.

КР ЖРЭТК министрлигинин алдындагы Ысык-Көл-Нарын аймактык  башкармалыгынын улук инспектору Э.Шаабаев, башкрмалыктын ишмердүүлүгүнө кыскача токтолуп, аткарылган иштер тууралуу айтып берди.

Түп райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери, милициянын ага лейтенанты К.Өскөнбаев- катышуучуларга туристтик-экологиялык милиция тарабынан жасалган иштер, браконьерчилик менен күрөшүү, көлдүн түбүн таштандылардан тазалоо боюнча маалыматтарды берип суроолорго жооп берди.

Катышуучулар тарабынан Күрмөнтү цемент заводунун аймагындагы менчик акиташ чыгаруучу цехтен мешинен чыгып жаткан түтүндүн адамдардын ден соолугуна тийгизген таасири, түтүгндүн кесепетинен бак-дарактар куурап калып жаткандыгы тууралуу маселелер көтөрүлүп, мештин трубасына фильтр орнотуу, жердин, суунун анализдерин алып коочулукка маалыматтарды берүү боюнча сунуштар айтылды.

Тегерек столдо көтөрүлгөн сунуш-пикирлердин негизинде төмөнкүдөй чечим кабыл алынды:

  1. Күрмөнтү цемент заводунун аймагындагы, менчик акиташ чыгаруучу цехтен мешинин трубасына,  фильтр койдуруу боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылуу жолдонсун.
  2. Күрмөнтү цемент заводунун айланасындагы жер кыртышынын, суунун анализин алуу, коомчулукка маалымат берүү.

Тегерек столдун сонунда Күрмөнтү цемент заводунун аймагындагы, менчик акиташ чыгаруучу цехтен жанындагы бак-дарактардын, жерлердин абалы менен таанышып чыгышты. Кабыл алынган чечимдер боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылуулар жиберилип, жооптору коомчулукка билдирилет.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *