Талас аймагындагы мероприятиялар

Бишкектеги Орхус Борборунун өкүлдөрү 2021-жылдын 25-26-майында Талас облусунда бир нече иш-чараларды өткөрүштү. 25-майда Орхус Борборунун адистер аймактагы өнөктөштөрү менен жоголушту өткөрүштү.  Экология жана Климат боюнча Мамлекеттик Комитетинин Талас аймактык башкармалыгынын өкүлдөрү менен жолугушуулар болуп, анда ушул жылга биргелешип кызматташуу пландары талкууланды. Ошондой эле, Орхус Борбору Экологдор күнүнө карата экологиялык кампанияны өткөрүүгө жардам көрсөттү – кол каптар жана таштанды пакеттери тапшырылды.

Андан кийин “Жылдыз-Танзит” КФ жана “Талас облусунун бейөкмөт уюмдарынын Альянсы” ассоциациясынын кызматкерлери менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө, аймакта 2021-жылы өткөрүлүшү пландалган иш-чараларды өткөрүү маселеси талкууланды. Талас районундагы мектептердин окуучуларынын арасындагы экология боюнча сынак жана аймактын жаштары үчүн билим берүүчү экологиялык семинарды биргелешип өткөрүү боюнча келишимдерге жетишилди.

26-майда Бишкек шаарындагы Орхус Борбору тарабынан Талас облусунун Кара-Буура районунда семинар уюштурулду. Ага облустун экологиялык кызматтарынын, райондук мамлекеттик администрациянын, ЭКМКтин Талас бөлүмүнүн, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, Кара-Буура жаратылыш паркынын кызматкерлери катышты. Семинардын темасы “Жарандык коомду климаттын өзгөрүшү көйгөйлөрү жөнүндө маалымдоо үчүн Орхус Конвенциясын колдонуу”. Негизги баяндамачылар Бишкек шаарындагы Орхус Борборунун жетекчиси А.Нурбеков, “Жылдыз Транзит” КФнын директору Т.Момунбекова, жаратылыш паркынын директору Э.Кулуев болушту. Семинардын башында Экология жана климат боюнча мамлекеттин комитетинин Талас аймактык башкармалыгынын башчысы А.Кыдыргычев куттуктоо сөз сүйлөдү.

Дебаттын жүрүшүндө семинардын катышуучулары бир нече суроолорду беришти, аларга баяндамачылар түшүндүрмө беришти. Ошондой эле, райондун калкын айлана-чөйрөнү коргоо маселелери боюнча тааныштыруу үчүн айлана-чөйрөнү коргоонун жаңы нускамалары жана эрежелери боюнча экологиялык кызматтардын кызматкерлери үчүн билим берүүчү тренингдерди өткөрүү үчүн, плакаттар жана ар кандай буклеттер түрүндө визуалдык маалыматтарды берүү өтүнүчтөрү келип түштү. Соңунда Орхус борбору Кара-Буура жаратылыш паркына экологиялык плакаттарды, китептерди жана экологиялык колдонмолорду белек кылды. Ошондой эле, 1-июнда жаратылыш паркынын аймагында субботник өткөрүү үчүн кол каптар, сумкалар, күрөктөр жана башкалар өткөрүлдү.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *