Талас шаарында «Экологиялык маселелерди чечүүдө коомчулуктун катышуусу» темасында өткөрүлгөн тегерек стол

2015-жылдын 9 -июлунда Талас областынын Талас шаарында «Экологиялык маселелерди чечүүдө коомчулуктун катышуусу» темасында тегерек стол өткөрүлдү.

kruglyj-stol-na-temu-uchastie-obshhestvennosti-v-reshenii-ekologicheskih-voprosov-v-g-talas

Аталган иш чарада Бишкек шаарындагы Орхус Борбору тарабынан, Бишкек шаарындагы Орхус Борборунун иши жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине колдоо көрсөтүү максаты менен иштелип чыккан, Кыргыз Республикасында 2015-2018–жылдарга Орхус Конвенциясынын негизги принциптерин жылдыруу боюнча иш аракетти ишке ашыруунун тез мөөнөттүү жана орто мөөнөттүү пландаштыруусу боюнча презентациясы болду.

kruglyj-stol-na-temu-uchastie-obshhestvennosti-v-reshenii-ekologicheskih-voprosov-v-g-talas

Талас областындагы курчап турган чөйрөнүн абалына байланышкан маселелер талкууланды жана экологиялык маселелерди чечүүдө коомчулуктун активдүү катышуусу боюнча мүмкүн болгон жолдорун табуу каралды. Тегерек столдо Талас областындагы суу пайдалануучулардын жана жер пайдалануучулардын дагы көйгөйлөрү жөнүндө маселе каралды, аны «Суу өнөктөштүгү» (GWP) эл аралык коомдук бирикмесинин өкүлү баяндап берди. Тегерек стол Бишкек шаарындагы ЕККУнун «Кыргызстандагы жаратылышты пайдалануу чөйрөсүн ак ниет башкарууну жылдыруу» долбоорунун колдоосу менен Орхус Борборлорунун иш аракетинин алкагында өткөрүлдү.

kruglyj-stol-na-temu-uchastie-obshhestvennosti-v-reshenii-ekologicheskih-voprosov-v-g-talas

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *