Тажрыйба алмашуу семинары

“Айлана чөйрө жана коопсуздук” демилгеси, “Борбордук Азиядагы уран калдыктарына байланышкан көйгөйлөрдү чечүүдө кызыкдар тараптардыкатыштыруу” долбоорунун алкагындагы тажрыйба алмашуу семинары 2017 – жылдын 28-29 – ноябрында ЕККУ тарабынан уюштурулду.

Семинарда төмөндөгү уюмдардын өкүлдөрү катышышты:

ЕККУ, БУУнун Өнүктүрүү Программасы, БУУнун Айлана Чөйрө боюнча Программасы, Кыргыз Республикасындагы Россия Федерациясынын Элчилиги, Кыргыз Республикасындагы Евро Биримдиктин Өкүлчүлүгү жана Европа Комиссиясынын өкүлү.

Кыргыз Республикасынан  Өкмөтүнүн алдындагы Айлана чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо Мамлекеттик Агенттиги, ТИМ, ӨКМ, КРнын ӨКМнин алдындагы калдыктар менен иштөө агенттиги, ӨКМнин алдындагы мониторинг жана божомолдоо департаменти, ӨКМнин алдындагы атуулдук коргонуу кызматкерлерин даярдоо жана кайра даярдоо борбору, Майлуу-Суу шаарындагы, Мин-Куш жана Шекафтар айылдарындагы Коомдук Экологиялык Маалымат  борборлору, Ош шаарындагы Орхус борбору, Сумсар, Мин-Куш айыл өкмөттөрү, Майлуу-Суу шаарынын мэриясы, “Экоис-Бишкек” Коомдук фонду жана “Амир” Коомдук бирикмесинин өкүлдөрү катышышты.

Тажик жана Өзбек республикаларынан төмөндөгү курам чакырылды:

Тажик Республикасынан Согдий облусунун Жаратылышты коргоо департаменти, Мониторинг жана Экологиялык саясат бөлүмү, Жуджанд жана Душанбе шаарларындагы Орхус борборлору, Өзбек Республикасынан Тышкы иштер министирлиги, Өзгөчө кырдаалдар министирлиги, Саламаттык сактоо министирлигинин Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун Радиациялык коопсуздук бөлүмү жана ТАСИС программасы.

Массалык маалымат каражаттарынан Ош шаарындагы “Ынтымак” телекомпаниясы жана Кыргыз Республикасындагы “Интерньюс Европа” Эл Аралык уюму катышышты.

Талкуу “Айлана чөйрө жана коопсуздук” демилгеси, “Борбордук Азиядагы уран калдыктарына байланышкан көйгөйлөрдү чечүүдө кызыкдар тараптардыкатыштыруу” долбоорунун алкагында жүрдү. Анда катышуучулар долбоордогу жетишкендиктер, алдынкы тажрыйбалар, долбоордун аткарылышындагы алынган сабактар жөнүндө ой бөлүшүштү. Долбоордогу жергиликтүү элдин, массалык маалымат каражаттарынын катышуусу, Коомдук экологиялык маалымат борборлору менен жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын кызматташуулары да белгиленди.

Мындан тышкары “Айлана чөйрө жана коопсуздук” демилгеси, “Борбордук Азиядагы уран калдыктарына байланышкан көйгөйлөрдү чечүүдө кызыкдар тараптардыкатыштыруу” долбоорунун алкагындагы макулдашуу жыйыны болду. Жыйында долбоордун жүрүшүндөгү алдынкы тажрыйбалар, алынган сабактар жана көйгөйлөр жөнүндө жыйынтыктар чыгарылды жана долбоордун экинчи фазасында аткарыла турган жумуштардын пландары талкууланды.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *