Тегерек стол: «Актуалдуу экологиялык маселелер жана көйгөйлөр. Мамлекеттик органдардын жана коомчулуктун катышуусунун маанилүүлүгү жана калктын маалыматтуулугу»

2019-жылдын 19-июлунда Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында ЕККУнун Бишкектеги программалык кенсесинин каржылык колдоосунда Ысык-Көлдөгү Орхус борбору уюштурган «Актуалдуу экологиялык маселелер жана көйгөйлөр. Мамлекеттик органдардын жана коомчулуктун катышуусунун маанилүүлүгү жана калктын маалыматтуулугу»- деген аталыштагы тегерек стол болуп өттү. Тегерек столго Чон-Сары –Ой айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Сарбагышев, ЕККУнун Бишкектеги программалык кенсесинин экология боюнча кенешчиси Э.Пайзиев, «Таза Ысык-Көл» коомдук фондунун төрагасы А.Шамсутдинов жана Чок-Тал айылынын тургундары катышты.

Тегерек столду Чон-Сары –Ой айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Сарбагышев ачып, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, айыл өкмөттүн аймагындагы экологиялык маселелерге, жасалып жаткан иштерге кыскача токтолду.

Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун менеджери С.Турсунакунов катышуучуларга Орхус конвенциясынын принциптери, Ысык-Көлдөгү Орхус борбору тарабынан 2018-жылы аткарылган иштер тууралуу маалыматтарды берди.

«Таза Ысык-Көл» коомдук фондунун төрагасы А.Шамсутдинов фонд тарабынан Ысык-Көл көлүнүн түбүн таштандылардан тазалоо боюнча жасалып жаткан иштери тууралуу маалыматтарды берип, аткарылган иштер тууралуу видеоролик көрсөтүлдү.

Тегерек столдун 2-бөлүгүндө тегерек столдун катышуучулары Чок-Тал айылынын айылдык пляжын таштандылардан тазалоо иш-чарасына катышышты.

«Таза Ысык-Көл» коомдук фондунун дайверлери көлдүн түбүн таштандылардан тазалашып, 500 кг жакын ар кандай таштандыларды суунун түбүнөн алып чыгышты.

Ысык-Көлдөгү Орхус борбору «Таза Ысык-Көл» коомдук фонду менен биргеликте Ысык-Көл көлүнүн түбүн таштандылардан тазалоо иш чараларын мындан ары дагы улантмакчы.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *