Тоң районунда мектеп мугалимдери менен жолугушуу болуп өттү

22-сентябрь 2021-жылы Тон районунун Бөкөнбаев айылында, Тон районунун орто мектептеринин директорлорунун катышуусунда, Ысык-Көлдөгү Орхус борбору уюштурган жыйын болуп өттү. Жыйынга жалпы 28 адам катышты.

Жыйынды Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун менеджери С.Турсунакунов ачып, катышуучуларга Орхус конвенциясынын принциптери, Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун иш-аракеттери тууралуу маалымат берип, Тон районунун орто мектептеринин окуучуларынын ортосунда өтүүчү «Жаратылыш жана биз» аттуу конкурсунун шарттары менен тааныштырды.

Райондордогу орто мектептердин окуучуларынын ортосундагы конкурс, ЕККУнун Бишкектеги программалык кенсесинин каржылык колдоосунда ар жыл сайын өткөрүлүп келет. Конкурстун максаты,  өсүп келе жаткан жаш муунга айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылышка аяр мамиле кылууну, Ысык-Көлдүн тазалыгын сактоону үйрөтүү.

Аталган конкурс 2021-жылдын 22-сентябрынан 22-октябрына чейин улантылып, конкурстун жыйынтыгын чыгаруу, женүүчүлөрдү аныктоо конкурстук комиссия тарабынан 2021-жылдын 29-октябрында жүргүзүлөт.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *