Урчап турган чөйрөнү коргоо боюнча мектеп сабагы

shkolnyj-chas-po-zashhite-okruzhayushhej-sredy

2016-жылдын 1-апрелинде Бишкек шаарындагы Орхус Борбору тарабынан, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин география, экология жана туризм факультетинин студенттери менен, ошондой эле «Таза Ысык-Көл» коомдук фонду менен биргеликте, Новопавловка айылындагы №2 мектеп-гимназиясынын окуучулары үчүн курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча мектеп сабагы өткөрүлдү.

Бишкек шаарындагы Орхус Борборунун өкүлдөрү мектеп сабагында Орхус Конвенциясынын пайда болушу, Орхус Конвенциясынын принциптери жана жоболору, Кыргыз Республикасында Орхус Конвенциясы кандайча ишке ашырылып жаткандыгы жана Кыргызстандагы Орхус Борборлорунун иш аракети жөнүндө айтып беришти. «Таза Ысык-Көл» коомдук фондунун өкүлдөрү мектеп окуучуларына Ысык-Көлдүн булгануу көйгөйлөрү жана Ысык-Көлдү тазалоо боюнча видео-презентацияны көрсөтүштү.

Кыргыз Улуттук Университетинин студенттери Кыргызстандагы курчап турган чөйрөнүн абалы жөнүндө, биздин өлкөдөгү жаратылыштын булгануу көйгөйлөрү жөнүндө айтып беришти. Ошондой эле, студенттер 2016-жылдын 23-апрелинде өткөрүлө турган Бүткүл Дүйнөлүк Жер күнүнө жана эл аралык «Парктар маршы» акциясына арналган масштабдуу ишембиликтин долбоорун баяндап беришти.

shkolnyj-chas-po-zashhite-okruzhayushhej-sredy

shkolnyj-chas-po-zashhite-okruzhayushhej-sredy

shkolnyj-chas-po-zashhite-okruzhayushhej-sredy1

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *