Ыссык-Көл Орхус Борбору “карыялардын” тажрыйбасын изилдеп жатат

2018-жылдын 1-ноябрынан 3-ноябрына чейин Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун кызматкерлери аткарылган иштер менен таанышуу жана тажрыйба алмашуу максатында Ош шаарындагы Орхус маалыматтык борборунда иш сапары менен болушту.

Иш чаранын учурунда Ош шаарындагы Орхус маалыматтык борборунун директору К.Исабаев 2018-жылы   аткарылган иштер, иш пландар менен тааныштырып, кенири маалыматтарды берди. Семинар, тегерек столодорду, тренингдерди уюштуруу, Орхус конвенциясынын принциптери боюнча маалыматтарды коомчулукка жеткизүү боюнча иштерди алып баруу жаатында ой-пикирлери менен бөлүштү.

Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун кызматкерлерин кызыктырган көптөгөн суроолорго кенири жана так маалыматтар алынды.

Орхус конвенциясынын принциптерин ишке ашыруу,  экологиялык  көйгөйлөргө байланыштуу маселелерди чечүүдө жана тажрыйба алмашып туруу максатында мындай жолугушууларды өткөрүп туруу жагы белгиленди.

Орхус конвенциясынын принциптерин ишке ашыруу,  экологиялык  көйгөйлөргө байланыштуу маселелерди чечүүдө жана тажрыйба алмашып туруу максатында мындай жолугушууларды өткөрүп туруу жагы белгиленди.

 

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *