Ысык-Көл Орхус Борбору Ак-Суу районунда тегерек столду өткөрдү

20-май 2021-жылы ЕККУнун Бишкектеги программалык кенсесинин каржылык колдоосунда, Ак-Суу районунун Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жыйындар залында, Ысык-Көлдөгү Орхус борбору уюштурган «Аймактарда Орхус конвенциясынын принциптерин ишке ашыруу. Экологиялык көйгөйлөрдү чечүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте иш алып баруу» –деген аталыштагы тегерек стол болуп өттү.

Тегерек столго Каракол шаары, Түп, Ак-Суу, Жети-Өгүз  райондору боюнча   мамэкотехинспекциясынын аймактык  башкармалыгынын башкы инспектору-А.Букарова, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик   агенттигинин Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын жетектөөчү адиси-Н.Орозобаев, Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары –Р.Садырова, айылдык кенештин депутаттары, коммуналдык кызматтын жетечилери, аялдар уюмунун мүчөлөрү катышты.

Тегерек столду Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Р.Садырова ачып, айылдагы экологиялык көйгөйлөргө, таза ичүүчү суу менен камсыздоо, тазалоо курулмасынын абалына кыскача токтолуп, айылдагы жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун менеджери С.Турсунакунов катышуучуларга Орхус конвенциясынын принциптери, борбор тарабынан 2019-2020-жылдары аткарылган иштер тууралуу кенири маалыматтарды берип, суроолорго жооп берди.

Каракол шаары, Түп, Ак-Суу, Жети-Өгүз  райондору боюнча   мамэкотехинспекциясынын аймактык  башкармалыгынын башкы инспектору А.Букарова 2020-жылы башкармалык тарабынан аткарылган иштерге, бактарды мыйзамсыз кыюу, браконьерликке каршы иштер, башкармалык тарабынан мыйзам бузуу фактыларын аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан рейддик иш-чаралар тууралуу кенири маалыматтарды берди.

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын жетектөөчү адиси Н.Орозобаев башкармалыктын ишине кыскача токтолуп, уруксаат берүү процедуралары тууралуу айтып берди.

Тегерек столдун жүрүшүндө айылдык кенештин депутаты Усубакунов Төлөгөн Ак-Суу курортунда болуп жаткан мыйзамсыз иштерге токтолуп, Ак-Суу дарыясынын сактоо зонасына курулуп жаткан курулуштар тууралуу айтып, тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан чараларды көрүүнү суранды.

Абдыкеримов Сыртбай- Ак-Суу айылынын тазалоо курулмасы 1970-жылдары 10 000 кишиге эсептелип курулуп, бүгүнкү күнү калктын санынын өсүшү менен кубаты жетишпей калгандыгын айтты. Мындан сырткары кышкы мезгилде ДЭУ мекемеси тарабынан жолдорго көмүрдүн майда күлдөрү төгүлүп, жаз келип күн жылыганда көмүрдүн майда бөлүкчөлөрү абага көтөрүлүп адамдардын ден соолугуна зыян келтирип жаткандыгын билдирип, экотехинспекциядан чараларды көрүүнү суранды.

Мындан сырткары абанын сапаттык курамын текшере турган лабораториялык жабдыктар керек экендигин, минералдык жер семирткичтер нормадан ашыкча колдонулуп, жерлер жараксыз боло баштагандыгы тууралуу маселелер көтөрүлдү.

Тегерек столдун сонунда катышуучулар тарабынан уюштуруучуларга ыраазычылыктар айтылып, Алтын-Арашан эс алуу жайын таштандылардын тазалоо боюнча ишембилик өткөрүү жагы демилгеленди.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *