Ысык-Көл районунун Чон-Өрүктү айылында тегерек стол өттү

20-апрель 2023-жылы Ысык-Көл районунун Чон-Өрүктү айылында, айыл өкмөтүнүн жыйындар залында, Ысык-Көлдөгү Орхус борбору уюштурган тегерек стол болуп өттү.

Тегерек столдун максаты: коомчулукка Орхус конвенциясынын принциптери, Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун ишмердүүлүгү тууралуу, Өрүктү айыл өкмөтүнүн аймагындагы экологиялык көйгөйлөрдү талкуулап, мамлекеттик органдар тарабынан аткарылган иш-аракеттер тууралуу маалыматтарды берүү.

Тегерек столго Өрүктү айыл өкмөтүнүн, туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери, Өрүктү, Чон-Өрүктү айылдарынын жашоочулары, жалпы 20 адам катышты.

Тегерек столду Өрүктү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Мукамбетов Эсен ачып, Ысык-Көлдөгү Орхус борбору тарабынан экологияны сактоо боюнча бир катар иштер аткарылып жаткандыгына токтолуп, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди.

Андан сон, Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун менеджери С.Турсунакунов, катышуучуларга Орхус конвенциясынын принциптери, Кыргызстандагы Орхус борборлору, борборлорду түзүүнүн максаттары, Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун 2021-2022-жылдардагы ишмердүүлүгү тууралуу кенен маалыматтарды берип, суроолорго жооп берди.

Өрүктү айыл өкмөтүнүн аймагындагы экологиялык көйгөйлөр боюнча, Өрүктү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Э.Мукамбетов маалымат берип, таштанды таштоочу жайлардын көйгөйү эн орчундуу болуп жаткандыгын, айыл өкмөтү дотацияда болгондуктан, контейнерлерди, таштанды чыгаруучу техника алууга каражат жоктугуна токтолду.

Ысык-Көл  райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери, милициянын  лейтенанты Султанбаев.Эржигит- туристтик-экологиялык милиция тарабынан экологиялык укук бузуулардын алдын алуу боюнча көп иштер жасалып жатат.  Көлдүн түбүн таштандыдан тазалоо иштери активдүү жүргүзүлүп жатат, бүгүнкү күнгө чейин көлдүн ичинен 20 км ге жакын синтетикалык балык уулоочу торлорду алынып чыккандыгы тууралуу маалыматтарды берди.

Тегерек столдун катышуучулары тарабынан Өрүктү айыл өкмөтүнүн аймагындагы экологиялык көйгөйлөр боюнча сунуштар айтылып, көйгөйлөрдү чечүү боюнча суроолор берилди.

Катышуучулардын сунуш-пикирлерин эске алып, төмөнкүдөй чечим кабыл алынды:

  1. Өрүктү айыл өкмөтүнүн айылдарына таштанды салуучу контейнерлерди орнотуу, таштанды ташуучу техника сатып алуу боюнча иштерди алып баруу.

Тегерек столдун сонунда ЕККУнун Бишкектеги программалык кенсесинин каржылык колдоосунда даярдалган, ченемдик-укуктук актылардын топтому Өрүктү айыл өкмөтүнүн өкүлүнө тапшырылды.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *