Ысык-Көлдө айыл өкмөттөргө Орхус Конвенция боюнча окуу өттү

26-август 2021-жылы ЕККУнун Бишкектеги программалык кенсесинин каржылык колдоосунда,  Түп райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында, Түп районунун айыл өкмөттөрүнүн, айылдык кенештеринин кызматкерлери үчүн Ысык-Көлдөгү Орхус борбору уюштурган, «Кыргыз Республикасынын  курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча  ченемдик-укуктук актылары. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алынуучу ченемдик-укуктук актылар»-деген аталыштагы тренинг өткөрүлдү.

Тренингдин максаты- айыл өкмөтүнүн, айылдык кенештин кызматкерлерине курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тууралуу маалыматтарды берүү, кызматкерлердин мыйзамдар менен иш алып барууда кесиптик денгээлин жогорулатуу.

Тренингди Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким К.Адиев ачып, мындай тренингдерди өткөрүү зарылдыгын, ченемдик-укуктук актыларга киргизилген өзгөртүүлөр боюнча дайыма кабардар болуу, өз ишмердүүлүгүнө байланыштуу мыйзамдарды, конвенцияларды билүү керектигин билдирип, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди.

Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун менджери С.Турсунакунов Орхус конвенциясынын принциптери, Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун 2019-2020-жылдардагы иш аркеттери тууралуу  кенири маалыматтарды берип, суроолорго жооп берди.

Тренингдин кийинки бөлүгүндө тренер А.Букарова катышуучуларга Кыргыз Республикасынын  курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча  ченемдик-укуктук актылары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алынуучу ченемдик-укуктук актылар боюнча, экология жаатындагы укук бузуулар, салынуучу айып пулдардын өлчөмү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрүлүүчү чаралар тууралуу кенен маалыматтарды берди.

Тренингдин материалдары катышуучулардын кызуу талкуусун жаратып, ченемдик-укуктук актылар боюнча күнүмдүк жумуштарында кезигип жаткан маселелерди талкуулашып, суроолорго жоопторду алышып, өз ара пикир алмашуу болду. Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары тууралуу кенири маалыматтарды алышты.

Тренингдин  катышуучулары алган билимдерин бекемдешип кагаз жүзүндө суроолорго жооп беришти. Сонунда ар бир катышуучуга сертификаттар тапшырылды.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *