Ысык-Көлдүн Эко-клубтун чогулушу өттү

24-ноябрь 2021-жылы Чолпон-Ата шаарында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын жыйындар залында ЕККУнун Бишкектеги программалык кенсесинин каржылык колдоосунда Ысык-Көлдөгү Орхус борбору уюштурган «Орхус конвенциясын Кыргыз республикасында ишке ашыруу. Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун 2020-2021-жылдардагы иш-аракеттери тууралуу. Аймактардагы экологиялык көйгөйлөр, чечүүнүн жолдору» –деген аталыштагы тегерек стол өткөрүлдү. Тегерек столго Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын, жаштар, аялдар кенешинин өкүлдөрү, Чолпон-Ата шаардык кенешинин депутаттары, мугалимдер катышты.

Тегерек столду Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун менеджери С.Турсунакунов ачып, катышуучуларга тегерек столдун максатын түшүндүрүп, Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун  аткарган иштери тууралуу кенири маалыматтарды берди.

Башкармалыктын башкы адиси А.Асамбаев башкармалык тарабынан жасалып жаткан иштерге токтолуп, жер тилкелерин трансформациялоого байланышкан суроолорго жооп берди.

Ысык-Көл райондук балыкчылар жана мергенчилер коомунун мүчөсү

Р.Бейшеев райондогу браконьерлик боюнча маалыматтарды берип, браконьерликти жоюу боюнча сунуштарын билдирди.

Тегерек столдун сонунда жаш муундарды тарбиялоо максатында, мектептерге таштандыларды өзүнчө бөлүп таштоо үчүн урналарды орнотуу, таштандылардын зыяны тууралуу социалдык роликтерди тартуу, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кенештин депуттары үчүн жаны кабыл алынган мыйзамдар, жер тилкелерин трансформациялоо боюнча окутууларды уюштуруу, целлофан баштыктарды, пластик бутылкаларда колдонууга тыюу салуу, Ысык-Көлдүн тазалыгын сактоого көнүл буруу туураалуу сунуштар айтылды.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *