Ысык-Көлдө Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү өттү

18-сентябрь 2021-жылы Тазалыктын Бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата Чолпон-Ата шаарынын шаардык пляжында, Ысык-Көлдөгү Орхус борбору уюштурган экологиялык ишембилик болуп өттү.

Ишембиликке элчи, ЕККУнун Бишкектеги программалык кенсесинин башчысы А. Рогов, Чолпон-Ата шаарынын мэри Б.Иманбеков, КР Жогорку Кенешинин депутаты Б.Турусбеков, «Таза Ысык-Көл» коомдук фондунун дайверлери, КР Президентинин иш башкармалыгынын №2  мамлекеттик резиденциясынын, Чолпон-Ата шаарындагы мекеме-ишканалардын эмгек жамааттары катышты. Ишембиликтин максаты, Ысык-Көлдүн тазалыгын сактоо, климаттын өзгөрүшү, таштандылардын табиятка тийгизген таасирлери боюнча көйгөйлөргө коомчулуктун көнүлүн буруу.

Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун менеджери С.Турсунакунов Тазалыктын Бүткүл дүйнөлүк күнү тууралуу кыскача маалымат берип, катышуучулар менен тааныштырды. Элчи, ЕККУнун Бишкектеги программалык кенсесинин башчысы А. Рогов катышуучуларга ыраазычылык билдирип, жаратылышы кооз Ысык-Көлдү сактоо ар бирибиздин милдетибиз экендигин билдирип, ишембиликке активдүү катышууга чакырды.

Чолпон-Ата шаарынын мэри Б.Иманбеков, Чолпон-Ата шаарынын, Ысык-Көл көлүнүн  тазалыгын сактоо боюнча чараларды уюштуруп жаткандыгы үчүн Ысык-Көлдөгү Орхус борборуна ыраазычылык билдирип, борбор өзүнүн өнөктөштөрү менен анын ичинде «Таза Ысык-Көл» коомдук фонду менен биргеликте алгылыктуу иштер жасалып жаткандыгын белгилеп, «Таза Ысык-Көл» коомдук фондуна Чолпон-Ата шаардык мэриясынын ыраазычылык баракчасын тапшырды.

Ишембиликке катышкан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты Б.Турусбеков, Ысык-Көлдү сактоо боюнча бир катар мыйзамдар кабыл алынгандыгын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында синтетикалык балык уулоочу торлорду алып келүүнү, өндүрүүнү, сатууну тыюу салуу боюнча мыйзамды демилгелеп, кабыл алынгандыгы боюнча маалымат берди.

Андан сон ЕККУнун Бишкектеги программалык кенсесинин каржылык колдоосунда, катышуучуларга кол каптар, таштанды салуучу баштыктар таратылып берилип, ар бир жамаат өздөрүнө бөлүнүп берилген участоктордо ишембиликти улантышты. ЕККУнун Бишкектеги программалык кенсесинин А.Рогов баштаган эмгек жамааты да ишембилктен четте калышпай пляжды таштандылардан тазалашып, жыйынтыгында 150 кг жакын ар кандай таштандыларды, балык уулоочу торлорду чогултушту.

«Таза Ысык-Көл» коомдук фондунун дайверлери Ысык-Көлдүн түбүнөн 28 мешок же 1 тоннага жакын ар кандай таштандыларды алып чыгышты. Эмгек жамааттары дагы өздөрүнө бөлүнүп берилген участокторду тазалашып, 2 тоннага жакын ар кандай таштандыларды чогултушту.

Тазалыктын Бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата ушундай  ишембиликтер Ысык-Көл районунун баардык айыл аймактарында өткөрүлдү. Ишембиликтин сонунда ЕККУнун Бишкектеги программалык кенсесинин башчысы, элчи А. Рогов Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун кенсесинде болуп, борбордун аткарган иштери, алдыдагы пландары тууралуу пикир алмашышты.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *