Ысык-Көлдө «Жаратылыш жана биз» конкурс өттү

2019-жылдын 15-ноябрында Балыкчы шаарында, шаардык элге билим берүү бөлүмүндө ЕККУнун Бишкектеги программалык кенсесинин каржылык колдоосунда, Ысык-Көлдөгү Орхус борбору уюштурган, Балыкчы шаарынын орто мектептеринин окуучуларынын ортосундагы «Жаратылыш жана биз» конкурсунун жыйынтыгын чыгаруу боюнча тегерек стол болуп өттү.

Тегерек столго Балыкчы шаарындагы орто мектептердин директорлору, окуучулар, ата-энелер катышты. Тегерек столду Балыкчы шаардык элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Мамбетова ачып, мугалимдер жамаатынын жана окуучулардын атынан уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун ишине ийгиликтерди каалады. Балыкчы шаарындагы орто мектептердин баардык окуучулары бул конкурска активдуу катышкандыгын, конкурстук иштер абдан көп болгондугун, жыйынтыгында «эн мыкты» делген иштер тандалып алынгандыгын белгиледи.

№2 мектептин директору А.Дуйшенова уюштуруучуларга мугалимдердин, окуучулардын атынан ыраазычылык билдирип, конкурста женүүчү деп табылган окуучуларга ийгиликтерди каалады.

«Жаратылыш жана биз» конкурсунун Жобосуна ылайык женүүчүлөрдү аныктоо төмөнкү номинациялар боюнча жүргүзүлдү.

1-4-класстардын окуучуларынын арасында «Эн жакшы сүрөт» номинациясы.

5-7-класстардын окуучуларынын арасында «Эн жакшы буюмдар» номинациясы.

8-11-класстардын окуучуларынын арасында «Эн жакшы дил баян» номинациясы.

 

Жыйынтыгында

 «Эн жакшы сүрөт» номинациясында 1- орун.

К.Абдылдаев атындагы №3 орто мектебинин 1-классынын окуучусу Исамидинова Марьям.

2 -орун.

Ж.Боконбаев атындагы орто мектебинин 3-классынын окуучусу  Мусаева Айдай.

3– орун.

Манас атындагы орто мектебинин 1-классынын окуучусу Азаматова Фатима.

 

«Эн жакшы буюмдар» номинациясында 1- орун.

Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин  6-классынын окуучусу Кадыралиева Фатима.

2 -орун.

№4 гимназиясынын 5-классынын окуучусу Жекен кызы Жасмина.

3 -орун.

Калыгул Бай уулу атындагы орто мектебинин 4-классынын окуучусу Ысаев Нурмухаммед.

«Эн жакшы дил баян» номинациясында 1 –орун.

№4 гимназиясынын 8-классынын окуучусу  Уланбек кызы Сайкал.

2-орун.

Ч.Айтматов атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу Ишенбекова Айдана.

3-орун.

Калыгул Бай уулу атындагы орто мектебинин 8-классынын окуучусу Ажыбаева Альбина.

Женүүчүлөргө баалуу белектер жана дипломдор ыйгарылды. Мындан сырткары конкурска активдүү катышкан окуучулар, Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун дипломдору менен сыйланышты.

 

 

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *