Жалал-Абад областынын Майлуу-Суу шаарында Коомдук Экологиялык Маалыматтык Борбордун расмий ачылышы.

img_9145

2016-жылдын 14- сентябрында Жалал-Абад областынын Майлуу-Суу шаарынын административдик  имаратында Бишкек шаарындагы ЕККУ Борборунун финансылык колдоосу алдында «Борбордук Азиядагы уран хвостохранилищалары менен байланышкан көйгөйлөрдү чечүүдө кызыкдар болгон тараптарды тартуу» долбоорунун алкагында Коомдук  Экологиялык Маалыматтык Борбордун расмий  ачылышы болуп өттү. Аталган иш чаранын уюштуруучусу болуп Ош шаарындагы Орхус Борбору саналат.

Иш чаранын ачылышына катышкандар: Майлуу-Суу шаарынын 1-вице-мэри Расулов З.К., Майлуу-Суу шаарынын администрациясынын кызматынын жетекчилери,   Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик  инспекциясынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү, аймактык  коомдук кеңештердин жана айылдык аймактардын, коомдук уюмдардын жетекчилери. Бишкектеги ЕККУ Борбору тарабынан  ЕККУ  Жергиликтүү Бюросунун Ош шаарындагы экономикалык жана  экологиялык программаларынын жетекчиси    г-н Эдоардо Да Рос., Бишкектеги ЕККУ Борборуну экономикалык жана экологиялык программалары бөлүмүнүн башкы ассистенти Пайзиев Э., Ош шаарындагы Орхус Борборунун директору Исабаев К. катышышты.

Уюштуруучулардын айткандары боюнча аталган Борбордун ачылышы шаардын калкына экология жөнүндө, шаардын четинде жайгашкан  хвостохранилищалардын абалы жөнүндө маалыматтарды алууга мүмкүндүк берет.

Алар Борбордун ачылышы шаардын жашоочуларына пайда келтирерин жана жакын арада жолугуушулар, тренингдер, семинарлар өткөрүлөөрүн, ошондой эле алар уран хвостохранилищалары менен байланышкан көйгөйлөрдү чечүү маселелери караларын билдиришти.

img_9158

Майлуу-Суу шаарынын Биринчи-вице-мэри Расулов З.К., ЕККУ  Жергиликтүү Бюросунун Ош шаарындагы экономикалык жана  экологиялык программаларынын жетекчиси    г-н Эдоардо Да Рос өз сүйлөгөн сөздөрүндө Майлуу-Суу шаарындагы Экологиялык Маалыматтык Борбордун өз убагында  ачылгандыгын жана анын маанилүүгүн белгилешти.

Ош шаарындагы Орхус Борборунун директору Исабаев К. уран өндүрүшүнүн калдыктары жайгаштырылган, Жалал-Абад  областынын  Чаткал районунун Шекафтар селосунда жана Нарын областынын Жумгал районунун Минкуш селосунда долбоордун алкагында пландаштырылып жаткан дагы эки ушул сыяктуу Борборду ачуу жөнүндө маалыматты билдирди. Коомдук  Экологиялык Маалыматтык Борборлордо  заманбап  оргтехника жана кеңсе эмеректери орнотулган.

Коомдук  Экологиялык Маалыматтык Борборлор  шаардын жашоочуларына экологиялык маалыматты таратат, тренингдерди өткөрөт жана долбоордун алкагында  радиациялык коопсуздук боюнча жолугушууларды жүргүзөт.

Катышуучулар Коомдук  Экологиялык Маалыматтык Борборунун ишине жетишкендиктерди каалашты жана  Борбордук Азиядагы уран хвостохранилищалары менен байланышкан көйгөйлөрдү чечүүдө  активдүүлүгү үчүн Бишкек шаарындагы Орхус Борборунун жүргүзгөн аракетине ыраазычылык билдиришти.

img_9179

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *