«Жергиликтүү коомдордун маалыматтулугун жогорулатуу максатында, табият кырсыктарынын тобокелин азайтуу боюнча Орхус борборлорунун потенциалын бекемдөө» долбоору боюнча жалпы жыйын

itogovoe-zasedanie-po-proektu-ukreplenie-potentsiala-orhusskih-tsentrov-v-snizhenie-riskov-stihijnyh-bedstvij-v-tselyah-povysheniya-osvedomlennosti-mestnyh-obshhin

2016-жылдын 7-9-апрелинде Венада ЕККУнун Секретариатында жергиликтүү коомдордун маалыматтулугун жогорулатуу максатында, табият кырсыктарынын тобокелин азайтуу боюнча Орхус Борборлорунун потенциалын бекемдөө» долбоору боюнча жалпы жыйын өттү.

Анын ишине: Борбордук Азиядан (Кыргызстан, Тажикстан), Түштүк-Чыгыш Европадан (Австрия, Албания, Македония, Босния жана Герцеговина, Сербия, Молдова) жана Чыгыш Кавказдан ( Армения) 70 адам катышты. Кыргызстандан делегациянын курамында Рысбаев Р.Р.-КР Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, Мадумаров А.К.-Баткен областынын Кадамжай районунун мамлекеттик админстрациясынын башчысы, Исабаев К.И.-Ош шаарындагы Орхус Борборунун директору, Эдоардо Да Рос-Ош шаарындагы ЕККУнун Жергиликтүү Бюросунун экологиялык жана экономикалык программасынын жетекчиси, Пайзиев Э.- Ош шаарындагы ЕККУнун Жергиликтүү Бюросунун программалык ассисенти ж.б. катышуусу болду.

Жалпы жыйында Борбордук Азиядагы, Түштүк-Чыгыш Европадагы, Чыгыш Кавказдагы өлкөлөрдө долбоордук иш чаралардын натыйжалары жана жыйынтыгы жөнүндө презентациялар өткөрүлдү.

itogovoe-zasedanie-po-proektu-ukreplenie-potentsiala-orhusskih-tsentrov-v-snizhenie-riskov-stihijnyh-bedstvij-v-tselyah-povysheniya-osvedomlennosti-mestnyh-obshhin
itogovoe-zasedanie-po-proektu-ukreplenie-potentsiala-orhusskih-tsentrov-v-snizhenie-riskov-stihijnyh-bedstvij-v-tselyah-povysheniya-osvedomlennosti-mestnyh-obshhin

Ош шаарындагы Маалыматтык Орхус Борбору тарабынан жергиликтүү коомдордун маалыматтуулугун жогорулатуу максатында, табият кырсыктарынын тобокелин азайтуу боюнча Орхус Борборлорунун потенциалын бекемдөө» долбоору боюнча жалпы жыйындын алкагында, «Экологиялык журналистика-регионалдык фестивалы: алынган сабактар жана кызматташтыктын кийинки келечеги» темасында презентация өткөрүлдү.

Жалпы жыйындын иш чаралар алкагында, Кыргызстандан делегация ЕККУнун экологиялык жана экономикалык программасы боюнча координатордук Бюросунун жетекчилиги менен жолугушуусу болду жана Тажикстандын ӨКМ делегациясы менен жолугушту. Ушул жолугушуулар учурунда,өз ойлору менен алмашуу болуп, региондогу өзгөчө кырдаалдар боюнча маселелерди талкуулашты, кызматташтыкты жана координациялоону жогорулатуу боюнча пикирлерин айтышты. Рысбаев Р.Р.-КР Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары жана Мадумаров А.К.-Баткен областынын Кадамжай районунун мамлекеттик админстрациясынын башчысы тарабынан, табият кырсыктарынын тобокелин азайтуу боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Мамлекеттик администрациясынын эл аралык уюмдар менен мындан кийинки кызматташууга даяр экендигин билдиришти. Алар Кыргызстандагы табият кырсыктарынын тобокелин азайтуу боюнча долбоорлорду каржылап жаткандыгы үчүн ЕККУнун өкүлүнө ыраазычылык билдиришти.

9-апрелде Дунай Улуттук жаратылыш паркына чыгуу уюштурулду, анда катышуучулар Дунай суусундагы кырдаалдар жана суу ресурстарынын көйгөйлөрүнө байланышкан маселелер менен тааныш болушту.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *