Жумушчу комиссия үчүн тренинг

2020-жылдын 18-августунда Ош шаарындагы Орхус борбору тарабынан Шекафтар айылындагы Жумушчу комиссиянын мүчөлөрү үчүн “Радиациялык коопсуздук жана коомдук катышуунун стратегиясы” тренинги уюштурулду. Тренингде Жумушчу комиссиянын 6 мүчөсү жана  айылдын 2 жашоочусу катышышты. Катышуучулар менен төмөндөгү маселелер каралды:

– уран мурастарынын объектилеринин келип чыгышы жана тарыхы;

–  уран кендерин казып алуунун жана байытуунун негиздери;

– калдыктардын ар кандай түрлөрү жана уран мурастарынын башка инфраструктуралары;

– эмне үчүн уран мурастарынын объектилери жөнүндө сөз кылышыбыз керек?

– кызыктар тараптардын катышуусу.

Радиациялык коопсуздук маселесин тренингде талкуулоодо катышуучулар тарбынан 2020-жылдын 13-августунда Шекафтар айылында “ЛОИ” ЖЧКсы тарабынан өткөрүлгөн Коомдук угуулар боюнча өздөрүнүн төмөндөгү сунуштарын беришти.

Жумушчу комиссиянын сунуштары:

  1. Коомдук угуу Коомдук угуунун толук жол-жоболору сакталбай, тиешелүү адамдардын даярдыгысыз өткөрүлдү
  2. Коомдук угууларды кайра өткөрүү
  3. Коомдук угуулар учурунда Курчап турган чөйрөгө тийгизүүчү таасирди баалоо убагында Шекафтар айылынан алынган суунун, бош тектердин жана абанын үлгүлөрүнүн лабораториялык бүтүмдөрүнүн жыйынтыктары боюнча маалымат берүү
  4. Калыбына келтирүү жумуштарынын долбоору менен катышуучуларды толук тааныштыруу
  5. Коомдук угууларды кыргыз тилинде (зарыл болсо котормочу пайдалануу менен), майда-чүйдөсүнө чейин көңүл буруу аркылуу, жалпак тилде, радиациянын учурда, жумуштар аткарылып жаткан учурда адамга, курчап турган чөйрөгө тийгизген таасирин кеңири түшүндүрүү аркылуу өткөрүү
  6. коомдук угуулар учурунда дайындуу бир уюмдун, ӨКМнин атынан жашоочулардын коопсуздугуна кепилдик берүү
  7. Коомдук угууларда бардык сүйлөөчү адамдар даядык менен келсин, жашоочуларга одоно тийбесин, бардык каалоочуларга суроо бергенге мүмкүнчүлүк берилсин
  8. Коомдук угууларга радиациациялык коопсуздук боюнча илимий баскычы бар окумуштуу чакырылсын.

 

Тренинг аягында Орхус борборунун кызматкерлери катышуучулардын суроолоруна жооп беришип, алардын сунуштарын тиешелүү уюмдарга жана адамдарга жеткирүүгө убада кылышты.

 

Коомчулук менен иш алып баруучу адис,

 

Тургунбек Жумабеков

 

 

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *