КООМЧУЛУКТУН ЧЕЧИМ КАБЫЛ АЛУУГА КАТЫШУУСУ

Мамлекеттик бийликтин жана өкмөттүк эмес уюмдардын өз ара байланышы- Орхус Конвенциясы боюнча милдеттенмелердин аткарылышынын негизи болуп саналат. Мамлекеттик органдар өзүнүн чечимдерин кабыл алууда, анын жыйынтыгы менен камсыз кылуунун мөөнөтүн жана мүмкүндүгүн, коомчулуктун катышуусунун баштапкы этабында бекитүүсү керек.

Кыргыз Республикасында 2015-2018-жылдарга Орхус Борборлорунун бекитилген Стратегиялык Өнүгүү Планына ылайык, чечимдерди кабыл алууда коомчулуктун катышуусу орхус конвенциясынын принциптеринин аткарылышы болуп саналат, алар:

  • коомчулуктун катышуусунун механизмдерин жана процедураларын ишке ашырууну күчөтүү,
  • экологиялык маселелер боюнча, анын ичинде жаратылыш ресурстарын пайдаланууга байланыштуу чатактарды болтурбоо боюнча чечимдерди кабыл алуу,
  • улуттук жана жергиликтүү деңгээлде экологиялык саясаттын мониторинги жана мыйзам чыгарууда, пландарды, долбоолорду жана программаларды иштеп чыгуу процесси.

Ушул милдеттерди аткарууда төмөндөгү иш чаралар каралган:

  • Кыргыз Республикасынын региондорунда экологиялык коопсуздук маселелери жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу менен байланышкан көйгөйлүү чатактарды болтурбоо боюнча коомдук талкулоолорду уюштуруу;
  • чечимдерди кабыл алуучу жактарды жана жергиликтүү калкты, массалык маалымат каражаттарын, өкмөттүк эмес уюмдарды тартуу;
  • окуу Курстарын жүргүзүү аркылуу коомдук (штаттан тышкары) экологиялык инспекторлорду даярдоо жана окутуу боюнча коомдук экологиялык мониторинг принциптерин жылдыруу;
  • коомчулуктун жана мамлекеттик түзүмдөрдүн ортосунда диалог үчүн, Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлорун, экологиялык өнүгүү стратегиясын жана планын ишке ашыруунун мониторингин иштеп чыгаруу жүрүшүндө аны талкулоо үчүн аянтча түзүү;
  • жарандардын экологиялык маселелер боюнча кайрылуу тутумун өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү жана онлайн интернет ресурсу аркылуу, анын ичинде кайрылууларды жазуу жана берүү;
  • Борбордук Азиянын Орхус Борборлорунун тармактары аркылуу, Кыргыз Республикасынын чек аралаш райондорунун курчап турган чөйрө жана коопсуздук маселелери боюнча, транс чек аралык/регионалдык кызматташтыкта коомчулуктун, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын диалогуна өбөлгө түзүү.