Өнөктөш иш-чаралар
2024-жылдын 11-ноябрынан 14-ноябрына чейин Чүй облусунун Кемин районундагы Калмак Ашуу айылында “НЕКСУС: Суу-Өзгөчө кырдаалдар-Азык-түлүк коопсуздугу – Ден соолук мамилелерине климаттын өзгөрүшүнүн жана туруктуулуктун таасири боюнча негизги кызыкдар тараптардын жана чечим кабыл алуучу адамдардын потенциалын күчөтүү” деген темада тренинг өттү. Бул иш-чара ПРООН-Европа Биримдигинин “Борбордук Азиядагы климаттын өзгөрүүсү жана туруктуу өнүгүү” долбоору тарабынан уюштурулган.
Тренингдин катышуучулары Кыргызстандагы Орхус борборлорунун тармагынын кызматкерлери болушту, алар өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр жана айлана-чөйрөнү коргоо тармагында иштеген мамлекеттик уюмдар менен бирдикте экологияга адаптациялоону пландаштыруу маселелеринде өз ишинде колдонуу үчүн климаттын өзгөрүшү зарыл болгон көндүмдөрдү жана ыкмаларды алышты. Бул тренинг БУУнун «Ченемдик адаптациялоо пландары» долбоорунун иштеп чыгуулары менен байытылган жана климаттык сценарийлерди иштеп чыгуу жана пайдалануу үчүн түзүлгөн.
Тренингдин негизги жыйынтыгы «нексустук мамиленин» теориясы жана практикасы жана климаттын өзгөрүүсүнүн контекстинде: суу – ч/с – азык-түлүк коопсуздугу – ден соолук мамилелери боюнча толук түшүнүк алуу болду. Иш-чаранын катышуучулары жогоруда аталган мамилелердин алсыз жактарын аныктоо, алардын себептерин жана кесепеттерин, оюнчулардын ролдорун аныктоо, климаттык сценарийлерди эске алуу менен өнүгүү сценарийлерин түзүү жана өз ара байланышта туруктуулукту камсыз кылуучу сунуштарды иштеп чыгуу ыкмаларын үйрөнүштү. Кошумчалай кетсек, бул курал келечекте аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана туруктуулук маселелерин интеграциялоого жардам берет.