«Калдыктарды кайра иштетүүгө катыш» аттуу экологиялык долбоор жазуу сынагы жыйынтыкталды
15-ноябрь 2024-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин(ОшМПУ) Табият таануу-география факультетинде «Калдыктарды кайра иштетүүгө катыш» аттуу экологиялык долбоор жазуу сынагы жыйынтыкталды.
Сынак Орхус Борбору тарабынан “Жашыл экономикага жана айлана чөйрөнү башкарууга көмөктөшүү” долбоорунун алкагында Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети, Ош-Тазалык ишканасы менен биргеликте уюштурду.
Бул иш-чарага ОшМПУ, Ош мамлекеттик университетинин(ОшМУ), Ош технологиялык университетинин(ОшТУ), Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин(КѲЭУ) мугалимдери, студенттери жана №17 Ю. А. Гагарин атындагы мектеп гимназиясынын мугалими, окуучулары болуп жалпысынан 39 киши катышты.
Жалпысынан тандоодон өткөн 7 долбоор ээлери төмөнкү темаларда презентация жасашты:
1) Турмуш тиричилик калдыктарын чогултуунун инновациялык жолдору;
2) Ташуу;
3) Калдыктарды сактоо же кайра иштетүү;
4) Эсептөө натыйжалуулук көрсөткүчтөрү;
5) Долбоорду ишке ашыруу ыкмасы.
Соңунда калыстар тобунун чечими менен бардык 7 долбоор ээлери ЕККУнун Бишкектеги кеӊсесинин баалуу белектери, китептер жана жаштар комитетинин 5 миӊ сом акчалай сыйлыгы менен сыйланышты.
Сынактын катышуучулары мындан ары да жаштарды айлана-чөйрөнү коргоо багытына тартуу максатында ар кандай иш-чараларды өткөрүп турууну сунушташты.
Ош шаарындагы Орхус Борборунун адиси А. Матисаев.