Студенттердин арасындагы олимпиадасынын жыйынтыгы чыгарылды

2024-жылдын 15-октябрында Кыргызстандын Орхус Борборлору студенттер арасында олимпиадалык дебат өткөрөрүн жарыялады, ага Бишкек шаарында Арабаев атындагы КМУ жана Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Каракол шаарында – Тыныстанов атындагы Ысык-Көл  мамлекеттик университети, Талас шаарында – Талас мамлекеттик университети, Нарын шаарында – Нааматов атындыгы Нарын улуттук университети катышты кийин. Бул иш-чаралардын негизги максаты жаштардын экологиялык көйгөйлөргө болгон мамилесин билүү, аларды айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга үндөө жана адамдын жаратылышта жашоосу үчүн жагымдуу форманы сактоого катышуу көндүмдөрүн өнүктүрүү болуп саналат.

                                                    Каракол ш.

                                                                               Бишкек ш.

                                                     Талас ш.

                                                       Нарын ш.

Студенттер олимпиаданын финалдык этабына айлана-чөйрөнү коргоо маселелери боюнча белгилүү бир билимдер жана презентацияларды көрсөтүү тажрыйбасы менен келишти. Студенттердин бардык топторунун эмгектери конкурстук комиссиялар тарабынан жогору бааланды, анын курамына ЖКЭТКМнын борбордук аппаратынын жана аймактык өкүлчүлүктөрүнүн, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин кызматкерлери, ЖОЖдордун профессордук-окутуучулук курамынын өкүлдөрү, экология боюнча эксперттер жана Кыргызстандын Орхус борборлору кирген.

Конкурстук комиссиялар иш-чаралар өткөн бардык шаарларда жеңүүчүлөрдү аныктап, алардын эмгегин баалап, сынактын катышуучулары тарабынан берилген материалдардын жогорку сапатын баса белгилешти.

Жеңүүчүлөр аныкталгандан кийин бардыгына баалуу белектер жана дипломдор тапшырылды, аларды ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси жана Таластагы «Альянс Алтын» компаниясы сыяктуу башка өнөктөштөр тапшырышты.

                                                                                                    Талас ш.

                                                                                 Бишкек ш.

                                                                             Каракол ш.

Нарын ш.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *