Ысык – Көлдөгү Орхус борборунун иш-чарасы
2024-жылы 15-ноябрда Ысык – Көл районунун, Бостери айылында Хасан Жээнбаев атындагы мектеп-лицейинин жыйындар залында, ЕККУнун Бишкектеги программмалык кенсесинин каржылык колдоосунда, Ысык-Көлдөгү Орхус борбору уюштурган “Экологиялык көйгөйлөрдү чечүүдө жаштардын орду. Жаштардын экологиялык билимин жогорулатуу жана айлана-чөйрөнү коргоого катышуусу”-деген аталыштагы тегерек стол болуп өттү.
Тегерек столдун максаты: мектеп окуучуларынын жана мугалимдеринин экологиялык билимин жогорулатуу, Орхус конвенциясынын принциптери, Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун ишмердүүлүгү тууралуу, Бостери айылынын экологиялык көйгөйлөрүн талкуулап, мамлекеттик органдар тарабынан аткарылган иш-аракеттер тууралуу маалыматтарды берүү.
Тегерек столго Хасан Жээнбаев атындагы мектеп-лицеинин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Абдыбекова Эльмира, мугалимдер жана 9-10-11-классынын окуучулары жалпы 30 адам катышты.
Тегерек столду Хасан жээнбаев атындагы мектеп-лицеинин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Абдыбекова Эльмира ачып, окуучуларды активдүү катышууга чакырды жана Ысык – Көлдогү Орхус борборуна ыраазычылык билдирди. Андан соӊ, Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун менеджери С.Турсунакунов, катышуучуларга Орхус конвенциясынын принциптери, Кыргызстандагы Орхус борборлору, борборлорду түзүүнүн максаттары, Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун 2022-2023-жылдардагы ишмердүүлүгү тууралуу кенен маалыматтарды берип, окуучулардын суроолоруна жооп берди.
Андан кийин Ысык – Көлдөгү Орхус борборунун маалыматтык ассистенти Орозогазиева Салтанат «Булганган айлана чөйрөнүн адамдын ден соолугана тийгизген таасири жана таштандылардын классификациясы» темасында презентация кылып, абаны булгоочу факторлор жана таштандынын түрлөрү жөнүндө айтып берди.
Презентациядан соӊ окуучуларга Ысык – Көл көлүнүн түбүндөгү жана көл жээктеги таштандылар, аларды тазалоо иштери туураалуу видео роликтер көрсөтүлдү.
Тегерек стол Бостери айылындагы экологиялык көйгөйлөр, аларды чечүү жолдорун талкуулоо жана суроолорго жооп берүү менен аяктады.