Төө-Моюн жер тилкесинде уран өндүрүшүнөн калган объектилерге байкоо жүргүзүлдү

2022- жылдын 5- октябрында Ош облусунун Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Төө-Моюн жер тилкесинде  уран өндүрүшүнөн калган  объекттилеринин абалына байкоо (мониторинг) жүргүзүлдү.

Бул иш-чараны Ош шаарындагы Орхус Борбору жана КР  Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин (ЖРЭТКМ) Ош-Жалал-Абад аймактык башкармалыгы менен биргеликте  ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин “Жашыл экономикага жана айлана-чөйрөнү башкарууга көмөк көрсөтүү”долбоорунун алкагында өткөрүштү.

Байкоого КР ЖРЭТКМ Ош-Жалал-Абад аймактык баркармалыгынын Ноокат району боюнча башкы инспектору Ж. Эсенбаев, Ош облусу боюнча кызматтык иш аракетин координациялоо милдети жүктөлгөн Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемологиялык көзөмөлдөө борборунун Радиалогия бөлүмүнүн башчысы А. Джусмаматов, Кара-Таш  айыл өкмөтүнүн жер адиси Т. Маматкулов жана Орхус Борборунун мүдүрү, адистери К. Исабаев, А.Зайырбеков, А. Матисаев болуп жалпысынан 6 киши катышышты.

Уран рудасын чалгындоо жана казып алуу 1904-жылы башталган. Жергиликтүү калк мурдатан эле бул жерден жез казып алуу иштерин жүргүзүшкөн. Радий рудасын өнөр жайлык казып алуу 1922-жылы уюштурулган. Кендин запастары 15-20 грамм радий, 60 тонна уран, 120 тонна жез бааланган.

 

Кендин баштапкы өндүрүмдүүлүгү жылына 500 тонна руданы түзгөн. Кенди иштетүү жер астындагы ыкма менен жүргүзүлгөн. Тереңдиги 220 метрге жетип жер астындагы суулардын көптүгүнөн улам токтотулган. (Булак: «Радиевый рудник Тоо Моюн» на Юге Киргизии. История и современность. Авторы Джусмаматов А.М., Омурзаков М.Т., Каравашкин И.И.)

Байкоонун жүрүшүндө гамма-фондук өлчөөлөр Дозиметр-Радиометр МКС-АТ6130 жана Телетектор 6112М үлгүсүндөгү апараттар менен жүргүзүлдү. ϴндүрүштүк жана административдик 5 имараттардан калган пайдубалдардан 0,03мкЗ/саатан 0,21 мкЗ/саатка чейинки көрсөткүчтөргө жетти. Отвалдарда 0,13-0,14мкЗ/с., ал эми №1-№2- штольняда 0,03-0,07мкЗ/с. жетти. №1 штольнядан суу агып чыгып Араван-Сай дарыясына куюлат.  №3-штольняда 0,21мкЗ/саатан 2,15мкЗ/саатка чейинки көрсөткүчтөр көрсөтүлдү.

Бул жер тилкелерине КР ϴКМнин алдындагы Калдыктар менен иштөө агенттиги тарабынан коюлган эскертүү белгилеринин орнотулганына күбө болдук. Байкоо жүргүзүүнүн катышуучулары бул жерлерде жергиликтүү тургундардын ийри мүйүздүү жана кичи мүйүздүү жандыктары жайыттаганына байланыштуу тосуу иштерин жана консервациалоо иштерин жүргүзүү керектигин белгиледи.

Ош шаарындагы Орхус борборунун адиси А. Зайырбеков

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *