Ысык-Көл облусунда тренинг өттү
2025-жылдын 20-августунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында «Кыргыз Республикасындагы биологиялык ар түрдүүлүктү жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын натыйжалуу пайдалануу. Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча мыйзамдык актылар» деген темада тренинг өттү.
Тренингдин ишине Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине (ЖРЭТКМ) караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын аймактык башкармалыгынын кызматкерлери, егерлер, жаратылыш парктарынын жана коруктардын кызматкерлери катышты.
Тренингдин негизги максаты – биологиялык ар түрдүүлүктү жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын сарамжалдуу пайдалануунун мыйзамдык негиздерин колдонууну үйрөтүү болду.
ЖРЭТКМ атынан министрликтин Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын башчысы М. Кыштобаев куттуктоо сөз сүйлөп, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоонун маанилүүлүгүн белгилеп, катышуучуларды тренингдин ишине активдүү катышууга чакырды.
Андан соң Ысык-Көл Орхус Борборунун менеджери С. Турсунакунов Ысык-Көл Орхус Борборунун ишмердүүлүгү жөнүндө презентация жасап, Кыргызстандагы Орхус Конвенциясынын ишке ашырылышы, анын принциптери жана милдеттенмелери жөнүндө айтып берди, ошондой эле 2023–2024-жылдар аралыгында аткарылган иштер боюнча баяндама жасады.
Тренингдин катышуучуларын тесттен өткөргөндөн кийин, тренер А. Жакшылыков Кыргыз Республикасынын «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө» Мыйзамы, Биологиялык ар түрдүүлүктү жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын сактоо департаментинин Жобосу, айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн төлөмдөрдү алуу методикасы, ошондой эле аңчылык учурунда аныкталган мыйзам бузуулар боюнча протоколдорду түзүү тартиби жана тиешелүү төлөмдөрдүн өлчөмдөрү жөнүндө кеңири маалымат камтылган презентация жасады.
Тренингдин экинчи бөлүгүндө катышуучулар 4 топко бөлүнүп, практикалык тапшырмалар менен иштешти.
Тренинг аяктагандан кийин катышуучулар талкуу өткөрүп, жыйынтыктарды чыгарышты, ошондой эле Аңчылык жана балык уулоо эрежелеринин кээ бир пункттары боюнча катышуучулардын сунуштарын жана пикирлерин угушту. Иш-чаранын соңунда бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.