Кызыл-Жар шаарчасындагы уран өндүрүлгөн аймакка байкоо жүргүзүлдү
3-июнь 2025-жылы Жалал-Абад обласынын Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Жар шаарчасындагы уран өндүрүлгөн аймакка калыбына келтирүү иштеринин башталуусунан алдын байкоо жүргүзүлдү.
Калыбына келтирүү иштери Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы уран казуу жана тоо-кен өндүрүшүнүн таасирине дуушар болгон аймактарды калыбына келтирүү жөнүндө макулдашуунун алкагында жүргүзүлмөкчү.
Байкоо жүргүзү Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун(ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеӊсесинин “Жашыл экономикага жана айлана-чөйрөнү башкарууга көмөктөшүү” долбоорунун алкагында өткөрүлдү.
Бул иш-чарага Ош шаарындагы Орхус Борборунун адистери, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеӊсесинин өкүлү, Ош областык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын адиси, КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министирлигинин(ЖРЭТКМ) алдындагы Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын(ЭТКК) Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын мамлекеттик инспектору жана Кызыл-Жар аймактык башкармалыгынын башчысы катышты.
Байкоо жүргүзүү учурунда өндүрүш объектилерине жана кен таштандыларына радиациялык өлчөмдөр жүргүзүлүп, картага түшүрүлдү.
Ош шаарындагы Орхус Борборунун адиси Атабек Матисаев