Чаткал районундагы кендерди иштетүүдө айлана-чөйрөнү коргоо мыйзамдарынын сакталышы боюнча тегерек стол өткөрүлдү.
Чаткал районунда кендерди иштетүүдө айлана-чөйрөнү коргоо мыйзамдарынын сакталышы боюнча тегерек стол 15-август 2025-жылы Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өткөрүлдү. Иш-чара Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеңсесинин “Жашыл экономикага жана айлана-чөйрөнү башкарууга көмөктөшүү” долбоорунун алкагында уюштурулду.
Тегерек столго Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын тиешелүү бөлүмдөрү, КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы, Чаткал районундагы кен иштеткен компаниялардын өкүлдөрү, Терек-Сай жана Каныш-Кыя айыл өкмөттөрүнүн башчылары, экологиялык активисттер катышты.
Ачылыш аземинде Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын биринчи орун басары Ч. А. Абдыкалыкова, Ош шаарындагы Орхус Борборунун мүдүрү К. И. Исабаев жана КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын башкы мамлекеттик инспектору Ж. Айтмаматов сөз сүйлөшүп, иш-чаранын максатын жана маанилүүлүгүн белгилешти.
Орхус Борборунун адиси А. Матисаев Ош шаарындагы Орхус Борборунун ишмердүүлүгү жана Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөсүн коргоо, экологиялык коопсуздук боюнча мыйзамдары тууралуу презентация жасады.
Башкы мамлекеттик инспектор Ж. Айтмаматов кендерди иштетүүнүн экологияга тийгизген таасири, акыркы текшерүүлөрдүн жыйынтыктары, кен иштеткен компаниялардын жоопкерчилиги, рекультивация иш-чаралары жана мыйзам бузуулар боюнча кеӊири маалымат берди.
Андан соӊ бардык катышуучулардын арасында кен байлыктарды иштетүүдө жаратылыш ресурстарын жана айлана-чөйрөнү коргоо мыйзамдарын так аткаруу, жоопкерчилик механизмдерин күчөтүү, рекультивация иштерин милдеттүү жүргүзүү бюнча талкуу жүрдү.
Соӊунда төмөнкү сунуштар түштү:
1. Жер казнасын пайдалану процессинде бузулган жерлерди өз учурунда калыбына келтируу максатында, Кыргыз Республикасыный «Жер казынасы жөнүндө» мыйзамына, КРны Өкмөтүнүн 1993-жылдын 12-июлундагы № 304 токтому менен бекитилген «Жерди калыбына келтирүү жана эксплуатацияга кабыл алуунун тартиби жөнүндөгү» Жобого жана КРнын Өкмөтүнүн №517 токтому менен бекитилген 2017-жылдын 18-августундагы «Жер казынасын пайдалануу процессинде бузулган жерлерди рекультивациялоо жөнүндө» Жобого толуктоо, өзгөртүүлөрдү киргизүүнү тийиштүү мамлекеттик органдар менен биргеликте сунуштоо;
2. Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы тийиштүү мамлекеттик кызматтар жана айыл өкмөттөрү менен биргеликте Чаткал районундагы кен иштеткен компанияларды инвентаризациялоо сунушталды.
Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан өткөрүлгөн тегерек стол жана түшкөн сунуштар боюнча протокол түзүлдү. Тегерек столдун негизинде тийиштүү мамлекеттик органдар менен тыгыз кызматташууну жакшыртуу жана биргеликте иш алып баруу пландаштырылды.
Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын биринчи орун басары Ч. А. Абдыкалыкова өткөрүлгөн тегерек столдун райондук мамлекеттик администрациянын адистерине кен байлыктарды иштетүүдө мыйзамдардын сакталышын камсыз кылуу боюнча чоӊ практикалык жардам болгонун баса белгиледи.
Орхус Борборунун мүдүрү К. Исабаев жана Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын биринчи орун басары Ч. А. Абдыкалыкова тегерек столду жыйынтыкташып, жаратылышты коргоо жаатында кызыктар тараптар менен ар дайым кызматташууга даяр экендиктерин белгилешти.
Ош шаарындагы Орхус Борборунун адиси Атабек Матисаев.