Бишкек Шаарындагы Орхус Борбору


2015-жылдын 7-майында Бишкекте Бишкек шаарындагы Орхус Борборунун расмий ачылышы болуп өттү Бишкек шаарындагы Орхус Борбору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги менен Бишкектеги ЕККУнун Борборунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө 2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган Меморандумдун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-декабрындагы № 579- буйругуна ылайык түзүлгөн.

Орхус Борборунун түзүлүшүнүн максаты – 2001-жылы жарыяланган (КР Мыйзамы 12.01.2001-ж. №5) «Курчап турган чөйрөгө тиешелүү маселелер боюнча сот адилеттүүлүгүнө жеткиликтүүлүк, маалыматтуулукка жеткиликтүүлүк жана чечимдерди кабыл алуу процессинде коомчулуктун катышуусу жөнүндө» Орхус Конвенциянын принциптерин жана милдеттерин аткаруунун сапатын жакшыртуу. Борбор Бишкектеги «Орхус Борбору» мекемеси деген аталыш менен катталган.

Орхус Борбору мамлекеттик түзүмдөр менен тыгыз кызматташтыкта, областтык жана шаардык мамадминистрациясы, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш Ресурстары, Экология жана Техникалык Көзөмөлдө Министрлиги, Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар Министрлиги,  ӨЭУ, эл аралык уюмдар, ЖОЖдор жана башка институттар менен бир катар экологиялык көйгөйлөрдү чечүүдө аракеттенет. Борбор экологиялык маалыматка жеткиликтүүлүккө ыкчам жетишүүгө шарттарды түзөт, чечимдерди кабыл алууда коомчулуктун активдүү катышуусун камсыз кылууда мамлекеттик колдоо потенциалын жогорулатат, ар башка тараптардын ортосунда, өз ара аракеттенүүдө ишеним атмосферасын түзүүгө жардам берет.

Мында, Борбор тарабынан сунушталган бардык көрсөтүлгөндөр жана маалыматтар, расмий статуска ээ болот, бул маалыматтардын сапатын жана аныктыгын жакшыртат, ошондой эле сот адилеттүүлүгүнө жеткиликтүүлүк укугун ишке ашырууда пайдалануу мүмкүндүгүн берет.

 

Борбордун дареги: Бишкек шары, Горький к., 142, 405-каб. жайгашкан.

Контакттар: телефон (+996 312) 544110, E-mail: aarhuscentre.kg@gmail.com, сайт: http://aarhus.kg

 

Нурбеков Адиль Кенешбекович Бишкек шаарындагы Орхус Борборунун Жетекчиси
Шарипов Бексултан Мамытбекович Бишкек шаарындагы Орхус Борборунун Маалымат боюнча адиси

 

fotobish1 Токтоналиева Тамара Кудайбердиевна Бишкек шаарындагы Орхус Борборунун Тескөө-каржылоо адиси