«Жаш адистер жана мамлекеттик инспекторлор үчүн экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана нормативдик-укуктук талаптарды сактоо» аталышындагы семинар жөнүндө маалымат.
2026-жылдын 11-майында Ош шаарындагы Орхус борбору тарабынан КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгы , Экологиялык мониторинг департаментинин Ош–Баткен регионалдык сектору менен биргеликте жаш адистер жана мамлекеттик инспекторлор үчүн экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана нормативдик-укуктук талаптарды сактоо боюнча семинар өткөрүлдү.

Иш-чаранын ачылыш аземинде Ош шаарындагы Орхус борборунун мүдүрү К. Исабаев, ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин улуттук кеңешчиси М. Осмонов жана КР ЖРЭТКМге караштуу ЭТККнын Ош регионалдык башкармалыгынын башчысынын орун басары А. Матысаков өз сөздөрүндө семинардын маанисине токтолушту. Анда тажрыйба алмашуу, мыйзамдагы өзгөрүүлөрдү өз убагында эске алуу жана аларды колдонуу зарылдыгы белгиленди.
Семинардын жүрүшүндө төмөнкү темалар боюнча презентациялар окулду:
Кыргыз Республикасында жаныбарларды жана айлана-чөйрөнү коргоо мыйзамдарынын талаптары;
Өсүмдүктөрдү жана айлана-чөйрөнү коргоо мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрү;
Кыргыз Республикасынын Жер кодекси жана жаратылыш ресурстарын пайдалануудагы укуктук талаптар;
Өндүрүштүк ишканаларды текшерүүнүн укуктук негиздери;
Лабораториялык көзөмөлдүн жана экологиялык мониторингдин укуктук жана практикалык мааниси.
Ошондой эле мыйзам бузуу учурларында актыларды түзүү, доо коюу жана айып салуу тартиптери боюнча практикалык мисалдар талкууланды. Катышуучулар тарабынан суроо-жооп уюштурулуп, экологиялык мыйзамдарды колдонуудагы көйгөйлөр жана тажрыйбалар боюнча пикир алмашуу болду.
Семинарга Ош шаары,Алай, Ноокат, Кара-Суу, Кара-Кулжа жана Өзгөн райондорунун мамлекеттик инспекторлору, ошондой эле областтык кызматтын адистери болуп жалпысынан 23 адам катышты.
Жыйынтыктоо бөлүгүндө катышуучулар тарабынан бир катар сунуштар айтылды. Атап айтканда, Ноокат районундагы кара кийиктердин (кабан) саны көбөйүп жаткандыгына байланыштуу аларды башка жаратылыш аймактарына көчүрүү маселеси көтөрүлдү. Ошондой эле Ош шаарындагы бак-дарактарга зыян келтирип жаткан мите курттар боюнча кошумча иш чара уюштуруу жана ушундай форматтагы жолугушууларды өткөрүп туруу сунушталды.
Семинардын жыйынтыгында катышуучулар экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жаратылыш ресурстарын коргоо багытындагы мыйзамдардын практикалык мааниси боюнча кеңири маалымат алышып, өз ара тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошол эле учурда мыйзамдардын жыйнагы электрондук форматта таратып берилди.
Кубаныч уулу Жумабек.Ош шаарындагы Орхус Борборунун адиси



























