Маалыматтык тегерек столдор
Бул жылдын апрель айынан июнь айына чейин Орхус Борборлору тарабынан Талас, Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарында тегерек столдор өткөрүлдү. Бул иш-чаралар курчап турган чөйрөнүн абалы жөнүндө маалымдоо, аны тургундардын жашоосу үчүн жагымдуу шартта сактоо көйгөйлөрү жана экологиялык кызматтардын айлана-чөйрөнү жакшыртуу боюнча ишмердүүлүгү маселелерине арналды. Жолугушууларга мамлекеттик экологиялык кызматтардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, эксперт-экологдор, дыйкан-чарбалардын фермерлери, башка бизнес-структуралардын өкүлдөрү жана аймактардын тургундары катышышты.
Жолугушуунун катышуучуларына Орхус Борборлорунун, КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин аймактык башкармалыктарынын жана өнөктөш уюмдардын ишмердүүлүгү тууралуу презентациялык материалдар сунушталды. Иш-чаранын жүрүшүндө Бишкек шаарындагы Орхус Борборунун эксперти сөз сүйлөп, курчап турган чөйрөнү коргоо жана жалпы эле экология чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларга киргизилген акыркы өзгөртүүлөр менен жаңылыктар, ошондой эле жарандардын жер үлүштөрүн алууга болгон укуктары тууралуу кеңири маалымат берди.





























