Миң-Кушту туруктуу туризм аркылуу өнүктүрүү

2026-жылдын 21–23-май күндөрү Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш айылында “Уран калдыктары көйгөйлөрүн чечүүдө кызыктар тараптарды катыштыруу .Фаза III”долбоорунун алкагында «Миң-Кушту туруктуу туризм аркылуу өнүктүрүү» аталышындагы туристтик форум өткөрүлдү. Иш-чара Европа Биримдигинин колдоосу менен ЕККУ, ПРООН жана жергиликтүү бийлик органдары тарабынан уюштурулду.

Форумдун жүрүшүндө мурдагы уран өндүрүшү болгон Миң-Куштун туристтик потенциалын өнүктүрүү, рекультивацияланган уран мурастары объекттерин туризмге пайдалануу жана аймакты туристтик маршруттарга киргизүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Иш-чаранын алкагында өлкөдөгү уран калдыктары сакталган 8 аймактын өкүлдөрүнүн катышуусунда ассоциация түзүлд. Ассоциациянын төрагасы болуп Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысы Кыдыев Эрмек шайланды. Ал эми Ош шаарындагы Орхус борбору ассоциациянын катчылыгынын (секретариаттын) милдетин аткаруу жоопкерчилигин алды.

Форумдун жыйынтыгында туруктуу туризмди өнүктүрүү жана уран калдыктары жайгашкан шаарлардын ,айыл өкмөттөрүнүн ассоциациясы аркылуу тоолуу аймактардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана жергиликтүү калктын жашоо деңгээлин жакшыртуу боюнча биргелешкен аракеттерди күчөтүү боюнча макулдашуулар жетишилди.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *