Тазалоочу курулмалардын кызматкерлери үчүн тренинг

Жыл сайын жайкы сезондун башталышынын алдында ЕККУнун (ОБСЕ) Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен Ысык-Көл Орхус Борбору, облустук администрация жана КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин аймактык башкармалыгы биргеликте санаторийлердин, пансионаттардын жана башка ден соолукту чыңдоочу, туристтик эс алуу объектилеринин талдоочу курулмаларынын кызматкерлери үчүн тренинг өткөрүп келишет. Бул салттын алкагында, 2026-жылдын 16-июнунда Ысык-Көл районундагы «Радуга» пансионатынын аймагында курорттук-ден соолукту чыңдоо мекемелеринин кызматкерлери үчүн кезектеги тренинг уюштурулду.

Жолугушуунун башында Ысык-Көл Орхус Борборунун менеджери С. Турсунакунов сөз сүйлөп, Борборлордун ишмердүүлүгү жана ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу маалымат берди. Андан соң эксперт-эколог У. Бектурганов чыгып, катышуучуларга курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча кабыл алынган ченемдик укуктук актыларды эске салып, мыйзамдарды так сактоого чакырды. Окутуунун жүрүшүндө аймактык башкармалыктын экологиялык экспертиза бөлүмүнүн жана санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистери сөз сүйлөшүп, талдоочу курулмалардын абалын көзөмөлдөө ыкмаларын колдонуунун негизги көндүмдөрүн жана объектилерде иштөө мезгилинде коопсуздук техникасын кынтыксыз сактоо эрежелерин тааныштырышты.

«Бинтек» ЖЧКсынын коомду өнүктүрүү боюнча директору Б. Медербеков Чехияда өндүрүлгөн «Топас» талдоочу курулмасынын презентациясын жасады, ал эми «ЭКО Старт» ЖЧКсынын инженери С. Земляков «КУ-200» талдоочу курулмаларын модернизациялоо, бул курулмалардын артыкчылыктары жана техникалык тейлөө процесстери боюнча презентацияларын сунуштады. Иш-чаранын соңунда бардык катышуучулар талдоочу курулмалардын иши менен таанышуу үчүн жерине барышты. Алар «Радуга» пансионатынын аймагында иштеп жаткан, көлөмү 850 куб метрди түзгөн «Топас» талдоочу курулмасынын иштөө процессин өз көздөрү менен көрүп, техникалык тейлөө, эксплуатациялоо процесси, техникалык маселелер, сууну зыянсыздандыруу жана тазаланган сууну кайра колдонуу боюнча суроолоруна жооп алышты.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *