​ Ош жана Баткен облустарындагы ӨКЖА кызматкерлери үчүн тренинг өткөрүлдү

2026-жылдын 15–17-июнь күндөрү Ош шаарындагы Орхус борбору жана Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош жана Баткен облустары боюнча регионалдык башкармалыгы менен биргеликте «Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары (ӨКЖА) боюнча улуттук мыйзамдардын бузулушуна байланыштуу потенциалды жогорулатуу» аттуу тренинг өткөрүлдү.

Тренингдин ачылыш аземинде Ош шаарындагы Орхус борборунун мүдүрү К. Исабаев, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин улуттук кеңешчиси М. Осмонов жана Ош-Баткен регионалдык башкармалыгынын жетекчилери сөз сүйлөп, иш-чаранын маанисине токтолушту. Алар бүгүнкү күндө ӨКЖА кызматкерлеринин кесиптик потенциалын жогорулатуу жана укуктук билимдерин чыңдоо өзгөчө актуалдуу экендигин белгилешти.

Тренингдин жүрүшүндө ӨКЖА боюнча эксперт Сатымбаев Т.Ө. тренер катары төмөнкү темалар боюнча презентацияларды окуду:
• Кыргыз Республикасындагы ӨКЖА боюнча жалпы маалымат;
• ӨКЖА боюнча улуттук мыйзамдар жана алардын талаптары;
• Мыйзам бузуулардын алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
• ӨКЖА кызматкерлеринин укуктук билимдерин жогорулатуу;
• Улуттук жана эл аралык стандарттарды колдонуу;
• Мыйзам бузуу учурларын аныктоо жана документтештирүү тартиби;
• ӨКЖА жана климаттын өзгөрүүсү.

Ошондой эле тренингдин алкагында практикалык тапшырмалар жана топтук иштер уюштурулуп, катышуучулар протоколдорду жана актыларды туура түзүү боюнча көндүмдөрүн өркүндөтүштү. Ар бир презентациядан кийин интерактивдүү талкуулар өткөрүлүп, катышуучулар өз пикирлерин жана тажрыйбаларын бөлүшүштү. Бул өз кезегинде тренингдин мазмундуу жана жандуу өтүшүнө өбөлгө түздү.

Тренингге Ош облусундагы Кара-Шоро УЖП, Кулун-Ата МЖК жана Кыргыз-Ата УЖП өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын кызматкерлери, ошондой эле Баткен облусундагы Сурма-Таш МЖК жана Саркент УЖП өкүлдөрү жана регионалдык башкармалыктардын кызматкерлери катышты.

Жыйынтыктоо бөлүгүндө катышуучулар тарабынан бир катар сунуштар айтылды. Атап айтканда, егерь кызматкерлерин кызматтык күбөлүктөр менен камсыз кылуу, атайын кызматтык форма берүү, спутник байланышы ,коруктарда илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө бөлүнгөн каражаттарды көбөйтүү, ошондой эле ар бир егерь жана кызматкер үчүн биринчи медициналык жардам көрсөтүүчү аптечкалар менен камсыз кылуу сунушталды.

Катышуучулар мындай окуулар тажрыйба алмашуу жана кесиптик билимди жогорулатуу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк түзгөнүн белгилешти. Тренингдин соңунда бардык катышуучуларга мыйзамдардын, протоколдордун жана актылардын үлгүлөрүнүн электрондук көчүрмөлөрү таратылды.

Орхус Борборунун адиси Жумабек Кубаныч уулу.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *