ЭКОЛОГИЯЛЫК МААЛЫМАТКА ЖЕТИШҮҮ

Орхус Конвенциясы тарабынан каралган негизги милдеттердин бири – экологиялык маалыматка кеңири жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жана аны чогултууда жана жайылтууда өзүнө жараша жоопкерчиликти сезүү. Ар бир адам, калкка кызмат көрсөтүү боюнча кайсы функцияны аткарган болбосун, мамлекеттик же болбосо жеке уюмдарда болгон экологиялык маалыматты сурап алууга акысы болот.

Кыргыз Республикасынын 2015-2018-жылдарга Орхус Борборлорунун Стратегиялык Өнүктүрүү Планына ылайык – экологиялык маалыматка жеткиликтүүлүк маселелери Орхус Конвенциясынын принцибин аткаруу боюнча негизги милдеттер болуп саналат

  • Коомчулуктун кеңири катмарына экологиялык маалыматка өз убагында жана ачык жеткиликтүүлүктү камсыз кылууда көмөк көрсөтүү;
  • Кыргыз Республикасындагы Орхус Конвенциясынын принциптерин иш жүзүндө ишке ашырылышы жана экологиялык маселелерди чагылдыруу үчүн массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн натыйжалуу ишке тартуу;

Ушул милдеттерди ишке ашыруу үчүн төмөнкү иш чаралар каралган:

  • актуалдуу экологиялык көйгөйлөр боюнча маалыматтык компанияларды уюштуруу, ошондой эле ММК жана ӨЭУ, чечимдерди кабыл алуучу жактардан жергиликтүү калктын арасында жаратылыш ресурстарын пайдалануу менен байланышкан чатактарды болтурбоого багытталган иштерди бириктирүү;
  • Бирдиктүү экологиялык маалыматтын тутумунун (SEIS) принциптерин ишке киргизүү жана жылдыруу;
  • Программаларда, берүүлөрдө, социалдык – экономикалык мүнөздөгү басылмаларда экологиялык рубрикаларды түзүү боюнча жергиликтүү ММК тартуу;
  • Экологиялык Журналистика жаатында улуттук, областтык деңгээлдерде, ошондой эле регионалдык / транс чек аралык деңгээлде экологиялык коопсуздук жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу маселелери боюнча тематикалык Конкурс- Фестивалдарды өткөрүү;
  • Кыргыз Республикасынын региондорундагы жергиликтүү калктын экологиялык маалыматка жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн коомдук жайларда Маалыматтык Экологиялык Стендди орнотуу жана ар дайым жаңыртып туруу;
  • Коомчулуктун кеңири катмары үчүн экологиялык маалыматка жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча тренинг/семинарларды/билим берүү курстарын өткөрүү.