Атмосфералык абаны коргоо боюнча мыйзамдар жана ишканалардын практикалык милдеттери боюнча семинарлар өткөрүлдү
29-30-май 2025-жылы Ош жана Жалал-Абад шаарларында «Атмосфералык абаны коргоо боюнча мыйзамдар жана ишканалардын практикалык милдеттери» темасында семинарлар Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун(ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеӊсесинин “Жашыл экономикага жана айлана-чөйрөнү башкарууга көмөктөшүү” долбоорунун алкагында өткөрүлдү.
Семинарларды Ош шаарындагы Орхус Борбору жана КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министирлигинин(ЖРЭТКМ) алдындагы Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын(ЭТКК) Ош, Жалал-Абад регионалдык башкармалыктары уюштурушту.
Бул иш-чараларга «Автоунаа», «Тазалык», «Жылуулук камсыздоо» муниципалдык ишканаларынын, Муниципалдык турак жай-комуналдык ишканасынын тийиштүү адистери, курулуш материал чыгарган, темир кайра иштеткен өндүрүш ишканаларынын өкүлдөрү, КР ЖРЭТКМнин Ош, Жалал-Абад регионалдык башкармалыктарынын, ЭТККнын Ош, Жалал-Абад регионалдык башкармалыктарынын, Экологиялык мониторинг департаментинин Ош-Баткен, Жалал-Абад регионалдык секторлорунун башчылары, мамлекеттик инспекторлору, Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети, экоактивисттер жана Орхус Борборунун адистери болуп жалпысынан 42 киши катышты.
Ачуу аземинде Орхус Борборунун мүдүрү, экология кызматтарынын башчылары, ЕККУнун өкүлү семинарлардын маанилүүгүн белгилешип, атмосфералык абаны коргоо багытында катышуучуларды тыгыз кызматташууга жана мыйзам талаптарын так аткарууга чакырышты.
Орхус Борборунун адиси А. Матисаев Орхус Борборунун ишмердүүлүгү менен тааныштырып, «Атмосфералык абанын булганышы, себептери жана кесепеттери» темасында презентация жасап, атайын даярдалган видео тасмаларды көрсөттү.
КР ЖРЭТКМнин алдындагы ЭТКК Ош, Жалал-Абад регионалдык башкармалыктарынын мамлекеттик инспектору Б. Калдарали кызы, башчысынын орун басары А. Ирисалиев “Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө” мыйзамдын талаптарын, жоопкерчилик жана мыйзам бузууларга чара көрү, айып өлчөмдөр тууралуу кеӊири айтып беришти.
КР ЖРЭТКМ Экологиялык мониторинг департаментинин Ош-Баткен, Жалал-Абад регионалдык секторлорунун башчысы К. Закиров, мамлекеттик инспектору, Г. Жусупова «Ишканалардагы эмиссиялар(абага чыккан зыяндуу газдар же заттар)», «Мониторинг жүргүзүү жана лабораториялык көзөмөл» боюнча презентация жасашып, аткарган иштери боюнча маалымат беришти.
КР ЖРЭТКМ Ош, Жалал-Абад регионалдык башкармалыктарынын Экологиялык экспертиза бөлүмдөрүнүн мамлекеттик инспектору Э. Атабаева, башчысы М. Дуванакулов өндүрүштөн чыккан чаӊ жана газдарды тазалоочу курулмаларды каттоо, атмосферага чыгарылуучу кир заттарды чыгаруу боюнча уруксаттарды алуу, эсептөө ченемдер жана отчёттуулук боюнча айтып беришти.
Андан соӊ катышуучулар суроолорун беришип, тийиштүү адистерден жооп алышты.
Соӊунда катышуучулар төмөнкү сунуштарын беришти:
Мекеме, ишканалар тарабынан КРнын Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө мыйзамынын талаптарын так аткаруу;
Ишкана-мекемелерде сапаттуу көмүрлөрдү жагуу;
Коомчулук арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
Жаӊы технологияларды пайдалануу, көмүрдөн электр энергиясына, газга өтүү сунушталды.
Орхус Борборунун мүдүрү К. Исабаев катышуучуларга ыраазычылык билдирип, кызматташууга чакырды.
Ош шаарындагы Орхус Борборунун адиси Атабек Матисаев.