Орхус Конвенциясынын 3-принциби боюнча экинчи окутуу-тренинги жөнүндө маалымат

2025-жылдын 30-июнунда Бишкек шаарындагы Орхус Борбору Кыргызстандын Адвокаттарды окутуу борбору менен кызматташтыкта, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен, Орхус Конвенциясынын “Айлана-чөйрөгө тиешелүү маселелер боюнча сот адилеттигине жетүү” аттуу 3-принциби боюнча экинчи тренингди өткөрдү.

Тренингге Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын көз карандысыз адвокаттары жана юристтери, айлана-чөйрө жаатындагы эксперттер, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү, аймактын жашоочулары катышты. Ошондой эле иш-чарага кээ бир катышуучулар онлайн режимде да катышышты.

Тренинг Орхус Борборунун эксперт-юристи тарабынан даярдалган материалдардын негизинде өткөрүлдү, анын жүрүшүндө практикалык иштер үчүн реалдуу кейстер камтылган материалдар сунушталды. Иш-чаранын катышуучуларынын айтымында, алар Орхус Конвенциясы жана анын принциптерин өз иштеринде колдонуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө керектүү маалыматтарды алышты.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *