Тазалоочу курулмаларды натыйжалуу пайдалануу боюнча семинар

2025-жылдын 26-июнунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында «Ысык-Көл облусунун эс алуу зоналарынын аймагындагы тазалоочу курулмаларды натыйжалуу пайдалануу» темасында семинар болуп өттү.

Ысык-Көл Орхус борбору Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен биргеликте уюштурган иш-чарага мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү, эс алуу зоналарынын жетекчилери, санитардык-техникалык адистер, ошондой эле жарандык коомдун өкүлдөрү жана тазалоочу курулмалар жаатындагы эксперттер катышты. Семинардын максаты – тазалоочу курулмаларды эксплуатациялоонун натыйжалуулугун жогорулатуу, аларды техникалык тейлөөдөгү көйгөйлөрдү аныктоо жана практикалык чечимдерди иштеп чыгуу болду.

Семинарды Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Мирслав Аманкулов жана министрликтин Ысык-Көл облусу боюнча аймактык башкармалыгынын башчысы М. Кыштообаев ачышты. Алар туристтердин агымынын көбөйүшүнө байланыштуу Ысык-Көлгө түшкөн экологиялык жүктөмдүн өсүп жатканын жана саркынды сууларды туура тазалоонун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ысык-Көл Орхус борборунун аймактагы ишмердүүлүгү (С. Турсунакунов), туристтик объектилерде колдонулган тазалоочу курулмалардын ар кандай түрлөрүн колдонуу (Т. Медербеков “БинТек” ЖЧК, Ч. Наматов “ЭКО Старт” ЖЧК), ошондой эле аларды эксплуатациялоодогу квалификациялуу адистердин жетишсиздиги жана тазаланган суунун сапатын көзөмөлдөөнүн жоктугу сыяктуу көйгөйлөр (К. Байтиков жана У. Бектурганов – тазалоочу курулмалар жаатындагы адистер) боюнча баяндамалар жасалды.

Семинардын катышуучулары тазалоочу курулмаларды эксплуатациялоодогу заманбап ыкмалар жана жаңы технологияларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө бардык керектүү маалыматты алышты. Жыйынтыгында кызматкерлерди үзгүлтүксүз окутуу, адистештирилген техникалык тейлөө борборлорун түзүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүү боюнча сунуштар айтылды.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *