Орхус Конвенциясынын 3-принциби боюнча окутуу
Талас облусунун Талас шаарында Бишкек шаарындагы Орхус Борбору Кыргызстандын Адвокаттарды окутуу борбору менен биргеликте, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен, 2025-жылдын 25-июнунда Орхус Конвенциясынын “Айлана-чөйрөгө тиешелүү маселелер боюнча сот адилеттигине жетүү” аттуу 3-принцибин колдонууну окутуу боюнча тренинг өткөрдү.
Окутууга КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас башкармалыгынын кызматкерлери, облустук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, адвокаттар, көз карандысыз юристтер, “Талас” жана “Эко Нова” экологиялык клубдарынын мүчөлөрү, экология жаатындагы эксперттер, ЖМК өкүлдөрү катышты.
Тренингдин катышуучуларына экологиялык укуктун негиздери, ченемдик укуктук актыларды сактоодогу милдеттер, сот органдары менен өз ара аракеттенүүдө максаттарга жетүү үчүн зарыл болгон юридикалык кадамдар боюнча окутуу өткөрүлдү.
Бул демилгеге көмөк көрсөтүү үчүн Орхус Борборунун тажрыйбалуу юристи, адвокаты жана экология боюнча эксперти чакырылды. Ал зарыл болгон окуу материалдарын берип, ар кандай экологиялык маселелер боюнча мыйзамдар боюнча консультацияларды өткөрдү, ошондой эле алынган билимдерди бекемдөө үчүн топтордо практикалык иштер жүргүзүлдү.
Иш-чаранын соңунда Орхус Борборунун атынан жаштар арасында айлана-чөйрөнү коргоо боюнча жигердүү агартуу иштери үчүн “Талас” жана “Эко Нова” экологиялык клубдарына баалуу белектер жана ыраазычылык каттар тапшырылды, ал эми облустун адвокаттарынын өкүлүнө Кыргызстандын ченемдик укуктук актыларынын жыйнактары берилди.